реклама
super.kg logo
  Спорт  

Камчыбек Ташиевдин уулу футбол боюнча Италия чемпиондугуна чакырылды

 

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Италиянын "Перуджа" футболдук клубунун жаштар курамасында ойноого чакыруу алды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.

"Бир аз кубанычымды бөлүшкүм келди. Уулум Эмир-Ханга Италиянын "Перуджа" командасына ойноого расмий чакыруу келди. "Перуджа" командасы Италия чемпиондугунун «Б» сериясында ойнойт. Ушул убакытка чейин 2 жыл Ассиси шаарында Паоло Россинин футболдук академиясында окуду.

Эмир-Хан өзү 15 жашта. Бирок ал U16-U17 командасына ойноого чакыруу алды. Бул жаңылыктын маанилүүлүгү бул кыргыз тарыхында биринчи кыргыз футболчу Италиянын расмий чемпиондугунда ойной баштаганында. Буюруса, 17-18 жашка чыккыча "А" сериясында ойноп калат деп үмүт кылабыз. Кыргыз элимди дүйнөгө таанытуу үчүн бүт күч аракетибизди жумшайбыз", - деп жазып калтырган Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, "Перуджа" футболдук клубу 1905-жылы түзүлгөн. Бул команда 1978-1979-жылкы сезондо Италиянын жогорку лигасында (А Сериясы) бир да оюнда жеңилген эмес. Бул жетишкендикти аталган өлкөнүн белгилүү клубдары "Милан" жана "Ювентус" командалары гана кайталай алган.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
22.05.2020. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
362
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
29-05-2020 15:36
Жынысы:
Белгисиз
+14
Куттуктайбыз, Камчыбек Кыдыршаевич.
22.05.2020. 12:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
28-03-2020
Соӊку аракети:
29-05-2020 09:14
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы жанылык.Кыргыз эли сыймыктанган уулдардан бол.
22.05.2020. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
368
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 17:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык экен. Уулунуз чон жигит болгондо жегичтердин катарын толуктатпай жакшы таалим тарбия бериниз. Коп жашап,бактылуу болушуна тмлектешмин.
22.05.2020. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
29-05-2020 09:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
" Жетинчи асман"
0
Ассизи десенер.
22.05.2020. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
29-05-2020 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өнөрүң өркүндөй берсин. Сенин артыңдан кыргыздын жаштары европага барып футбол ойносун.
22.05.2020. 21:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
29-11-2019
Соӊку аракети:
29-05-2020 16:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине конул которулуп калбадыбы, молодец.
22.05.2020. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
28-05-2020 22:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча болсо эле болот да
22.05.2020. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
29-05-2020 04:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно акча менен камсыз кылсаң болот да, жөнөкөй уй бүлөдон балдар Европада футбол ойномок түгүл,курсакты зорго тойгузуп жатышат кризисте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144617;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: