реклама
super.kg logo

Жогорку Кеңеште коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүүдө

 

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

"Жети дубан аксакалдар кеңешинин" Жусуп Дүйшеев коммерциялык уюмдардын ишинде улуттук кызыкчылыктарды бузган учурлар болуп жатканын айтты. "Музейде өткөн көргөзмө кыргыз элинин каада-салтына, наркына туура келбейт. Коммерциялык эмес уюмдардын айрым улуттук баалуулуктарды бузган жактарына чек коюуларды киргизиш керек. Буларга келип жаткан гранттардын кайда пайдаланып жатканы эл астында көзөмөл болушу зарыл. Анткени көптөгөн гранттар келет экен. Кайда пайдаланып жатканы боюнча айкындуулук жок болуп жатат", - деди ал.

Миграция коомдук кеңешинин мүчөсү Нурбүбү Керимова коммерциялык уюмдун мүчөлөрү мигранттарга жардам берип иштеп келгенин айтты. "2005-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин мигранттар менен иштеп келе жатабыз. Чет мамлекеттен адам сатуудан жабыркаган жарандарды алып келебиз. Бул тууралуу эч кимге айтпайбыз. Пандемия учурунда ушундай мыйзам долбоорун алып чыкканыңар туура эмес. Аймактардагы коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү коомдук угууга келе алышпай калды. Бул мыйзам долбоорун палатага чыгаруудан мурда эксперттер менен иштеп чыгышы шарт", - деди ал.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144469;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: