реклама
super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керек"

 

"Коронакризис башталгандан бери кыргыз өкмөтү, бийлиги, баарыбыз каражат таппай жатабыз. Эл аралык каржы институттарынан акча сурап, өкмөт эптеп бюджетти жабуу аракетин көрүп жатат", - деп бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал азыр Кыргыз өлкөсүндө эки үй-бүлө бир нанды бөлүп жаткан учур экенин эскертти.

"Ошол эле убакта биз коррупцияга каршы күрөшүүнү башкы ураан катары колдонуп жүрөбүз. Мен бир маселеге күч органдарынын, президенттин, өкмөттүн өкүлдөрүнүн, фракция жетекчилеринин көңүлүн бургум келет.

Мындан бир аз убакыт мурун Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси коррупциялык ири ишке шектелип кармалды. Андан кийин бизге жеткен маалымат боюнча, УКМКнын бир башкармалыгынын жетекчиси жана дагы бир кызматкер камалды. Өкмөттүн аппаратында дагы ушул маселе боюнча сурак берип жатышат. Бул жерде ири сумма тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан премьер-министр өзүнүн бул ишке катыштыгы жок экенин сөзсүз далилдеш керек. Бул премьер-министрге жардам болот. Эгерде катыштыгы болсо, ал тез арада жооп бериши керек. Буга чейин "Ала ТВ" деген болгон. Ал жакында "Билайн" компаниясына сатылган. Бирок "Ала ТВ" телеберүүгө гана ыңгайлашкан. Ал "Билайнга" 1 миллион 800 миң долларга сатылып жатат. "Билайн" Мамлекеттик байланыш агенттик аркылуу жакында телеберүүгө деп багытталган жыштыкты интернетке тууралап катташты. Эми ушул жерде чоң маселе болуп жатат.

Буга чейин билесиздер, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц аукцион, сынак менен 1 миллиард 500 миң сомго сатылган. Азыркы премьер-министрдин тушунда 200 мегагерц 700 сомго кетип жатат. Менде азыр Мамлекеттик байланыш агенттигинин жашыруун каты турат. Анда "Бул мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келип, бюджетке миллиарддаган акча зыян болот. Биз 200 мегагерцтен бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Ошон үчүн биз мындай кадамга барбашыбыз керек" деп жазылган. Бирок ошого карабастан мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, сынак кылбай булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат. Бул жерде чоң маселе турат. Ага чейин ошондой эле 900 миллион долларлык бир лицензияны башка уюлдук операторлорго миң сомго сатып жиберген деген УКМКнын каты бул жерде турат. Адистердин эсеби боюнча, жалпы жыштыктан 5 миллиард сомго зыян тартып жатат. Биз эл аралык институттардан жалдырап акча сурап жатабыз. Бизде мекенчил жигиттер, кыздар бар экен өздөрү кызматта турса да "биз айта албайбыз, сен айт" деп жатышат. Бул жерде премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Ошондуктан бүгүндөн калбай, күч органдары катуу киришиши керек. Өкмөт башчы бул кылмышка тиешеси барбы жокпу тез арада далилдеш керек", - деди Жанар Акаев.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144774;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: