реклама
super.kg logo

Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш. Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко келе алган жок

 

Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп өттү.

Бүгүнкү соттук отурумга айыпталуучу Алмазбек Атамбаев алып келинген жок. Ден соолугуна байланыштуу Атамбаев соттук отурумду анын катышуусуз өткөрүү жөнүндө арыз жазып берген.

Андан сырткары айыпталуучу Мискенбаевдин жактоочулары Рамазанова жана Бараков келген жок. Сот тарабынан айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүнө карап узартылды. Андан соң айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жана жактоочулар келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 25-май күнү саат 10:00гө жылдырылды.

Буга чейин, 25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырганын жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткенин КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.05.2020. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
796
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Атамбаев 100 пайыз күнөөсү бар
18.05.2020. 13:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
771
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы келиндей каадаланды го.
18.05.2020. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
557
Катталган:
17-10-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 08:03
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бийликтин алсыздыгы. Алсыз болгондугу учун да эки жыл тайрандаган Атамбаев.
Саясий эркти корсотуп, же ары же бери кылуу керек да,ХХХХХ чалчандатпай...
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-19 12:22:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: