реклама
super.kg logo

Баткенде өспүрүмдөрдү коркутуп, ок чыгарган жаран кармалды. Тинтүү учурунда үйүнөн дагы курал табылып, шектүү атасы менен камакка алынды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 4 өспүрүмдү коркутуп, ок чыгарган 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБине Көк-Талаа айылында 4 өспүрүм балага ошол эле айылдын 27 жаштагы К.Р. аттуу тургуну белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды кезеп, аларды коркутуп, буттарынын астына 2 жолу ок чыгарган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"10-май күнү Кадамжай райондук соту 27 жаштагы шектүү жарандын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын атасы эч кандай урусат кагаздары жок 16 калибрдүү ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырган. Ошондой эле тинтүүнүн жүрүшүндө мал сарайдын ичинен эч кандай уруксат кагаздары жок, белгисиз маркадагы сайсыз ок атуучу куралы ак түстөгү капка оролгон абалда табылган. Мындан сырткары араб алфавитиндеги китептер жана араб тамгалары менен жазылган дептерлер, ошондой эле коргошундан жасалган муздак курал катары эсептелген колго кийилүүчү кастет алынган.

Тинтүү учурунда шектүүнүн апасы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып турган кызматкерлерди оозго алгыс уят сөздөр менен тилдеп, колундагы жыгач таягы менен бир милиция кызматкерин бир нече ирет уруп жиберген. Бул факты Кадамжай РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тинтүү учурунда алынган куралдар, китептер жана дептерлер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүү катары кармалган 27 жаштагы жаран жана 59 жаштагы К.Ш. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144469;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: