Ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип экөөнүн жашоосу тууралуу: "Биз сыноону жеңдик. Келечекте баары жакшы болот деп үмүт кылам"



Ырчы Асел Кадырбекова жашоосундагы акыркы жаңылыктары тууралуу акыры комментарий берди. Ал жолдошу, ырчы Нурлан Насип менен турмуштун сыноосун жеңип, чогуу экенин ачыктады.
"Идеалдуу үй-бүлө жок. Баары турмушта кыйынчылык, түшүнбөстүктөрдү башынан өткөрүшөт. Негизгиси, ошол сыноодон өтүү. Биз да эл катарындабыз. Мен идеалдуу үй-бүлөнүн иллюзиясын түзүүнү каалабайм. Биз да турмушта көп маселеси бар кадимки үй-бүлөбүз. Ар бирибиздин эмоция, сезимдерибиз бар... Бизди оор кырдаалда колдогон ата-энелерибизге, досторубузга жана күйөрмандарыбызга чоң рахмат. Биздин абалдан пайдаланып, социалдык баракчаларынын катталуучуларын көбөйтүп, хайп жасагандарды Кудай таразаласын! Биз бул сыноону жеңдик. Келечекте баары жакшы болот деп үмүт кылам. Биз 9 жылдан бери чогуубуз. Анын 7 жылында кыз-жигит катары сүйлөшүп, баш кошконубузга 2 жыл болду", - деген Асел.
Белгилей кетсек, акыркы кезде Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова таарынышып жүргөнү маалым.



деген депутат
Болгондо жазып коюңуз
Болуп кетиптир деп сүйүнүп койолу