реклама
super.kg logo

Ырчы Курал Чокоев баш болгон команда ардагерлерди өзгөчө куттуктады

 

Ырчы мырзалар Курал Чокоев жана орусиялык "Голос" берүүсүнүн катышуучусу Нуржигит Субанкулов 9-май Жеңиш күнүнө карата ардагерлерди өзгөчө куттукташты. Атайын аскер формаларын кийген ырчы мырзалар согуш ардагерлерине ыр белек сунуп кайтышты.

"Бүгүн Алмаз Раимбеков деген активист досубуз ардагерлерди куттуктап келели деп чакырганынан Нуржигит Субанкулов экөөбүз бардык. Учурдагы карантинге байланыштуу ардагерлердин үйүнө кире алмак эмеспиз. Ошого атайын краны бар унаа жалдап, ардагерлерди балконго чакырып, "Жеңиш күнү" аттуу ырды аткарып берип жаттык. Ал эми 1-2-кабатта жашаган, көчөгө чыга алчулар, подъезддерине чыгышты. Акчалай сыйлык берели десек, албай коюшту, бизге ыр белек жетиштүү деп. Ардагерлерибиз ырды угуп, аябай кубанышты. Жанында турган бала-чакалары болсо аталарынын кубанганынан таасирлениппи, айтор, ыйлап жатышты. Акыркы жолкусунда Асылбек Өзүбеков агай да бизге кошулуп, куттуктады", - дейт Курал.



Курал Чокоев ардагерлерди өзгөчө куттуктады

Курал Чокоев жана Нуржигит Субанкулов ардагерлерди өзгөчө куттуктады

Ырчылар ардагерлерди куттукташты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144774;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: