реклама
super.kg logo

Ар бириңиздерге кам көрүү менен! MegaCom компаниясы миңдеген кыргызстандыктарга колдоо көрсөттү

 

Оор эпидемиологиялык кырдаалды башына өткөрүп жаткан мекендештерине колдоо көрсөтүү максатында MegaCom компаниясы коронавирус илдети эң көп табылып, өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жашоочулары үчүн гуманитардык жардам уюштурду. Жардамга муктаждарга азык-түлүк кутучасынан тышкары, Интернетти жана байланыш кызматтарын акысыз колдонуу үчүн атайын топтомдорго кошулган SIM-карталар да берилди. Жогоруда аталган аймактарда азык-түлүк (макарон азыктары, кант, чай, суу май, таттуулар жана башка) таратуу 25-апрелден 27- апрелге чейин, MegaCom компаниясынын кызматкерлери, жергиликтүү өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана ыктыярчылар тарабынан ишке ашырылды. Megacom адистери компаниянын кызматтары тууралуу берилген суроолорго жооп берип, жана да чын дилинен чыккан жылуу сөздөрүн айтышты. Карантин шартына ылайык атайын коргонуучу каражаттар колдонулуп жана да зарыл болгон аралык сакталып жатты.

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү максатында MegaCom компаниясы COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны эң көп катталган Кыргызстандын төрт облусунун тургундарына даректүү гуманитардык жардам берди", – деп белгилей кетти "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов. "Жардам алуучуларга акысыз байланыш жана Интернет топтомдоруна кошулган SIM-карталар да тартууланды. Мамлекет тарабынан карантин эрежелери киргизилип, өзгөчө абал өкүм сүрүп турган бүгүнкү күндө жакындар менен байланышта болуп туруу абдан маанилүү экендигин түшүнөбүз", - дейт ал.

Колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси шаардык, облустук администрациялар жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктары тарабынан берилген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасында өзгөчө абалдын киргизилгендигине байланыштуу, MegaCom компаниясы буга чейин Кыргызстандын медицина кызматкерлерин, мамлекеттик чек ара кызматынын мед. кызматкерлерин , ӨКМ кызматкерлерин жана Бишкек шаардык мэриясына караштуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча штабынын өкүлдөрүн акысыз байланыш жана Интернет менен камсыз кылган эле.

Кыргыз өлкөсүндө аралыктан билим берүүнү өнүктүрүү максатында MegaCom компаниясы өлкө боюнча миңдеген мугалимдерди «Мугалим 150» акциялык тарифи жана «Мугалим» топтому менен камсыздап, жана да «Окуучу» жана «MEGAСтудент» кошумча топтомдорун ишке киргизген эле.

«Альфа Телеком» ЖАК, өзүн обочолонтуу тартибин сактап жаткан абоненттерди шыктандыруу үчүн, «MegaCom менен үйдө бол» акциясын иштеп чыкты. Эми үйдөн чыкпаган ар бир күн үчүн бонустарга ээ болууга болот. Абоненттерге нөл жана нөлдөн төмөн баланс абалында акысыз чалуу мүмкүнчүлүгү тартуулангандыгын да белгилей кетүүгө болот.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги боюнча алсак, оор турмуштук жагдайга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыздоо үчүн уюлдук оператор тарабынан 1 миллион сом суммасындагы каражат которулду.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: