реклама
super.kg logo

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровкадагы №8 түзөтүү абагына которулат

 

23-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу мындай чечимдин кабыл алынуусу кош стандарттын (ред. укуктук жана моралдык талаптарды бир эле учурда ар башка адамга эки башка колдонуу) жана бийликтин айыпталуучунун персонасына карата өзгөчө мамилесинин көрсөткүчү экендигин белгилейт.
"Учурда Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Сапар Исаковдун дагы бир иш каралууда. Бул иш боюнча териштирүү аяктап, соттун чечими чыкмайынча мурдагы өкмөт башчынын мыйзам чегинде каралган укугунун кепилдиги болуш керек эле. Ал эмне болгон кепилдик? Мыйзам боюнча айыпталуучу ал өтүп жаткан бардык отурумдарга катышып, коюлган айыптардан өзүн коргоого мүмкүнчүлүк алыш керек. Исаков №8 абакка которулса, мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылат. Анткени УКМКнын тергөө абагы менен СИЗО-1ден гана айыпталуучуларды соттук процесстерге алып келүү каралган.
Ошондуктан бул жерде кош стандарт жөнүндө айтууга негиз бар. Бир иш боюнча чечим чыгып, бирок дагы башка соттук иштен өтүп жаткан Сапар Исаковдон тышкары жарандар УКМКнын абагында же СИЗО-1де эле отурушат. Алар түзөтүү колонияларына которулган жок", - дейт жактоочу.
Ошол эле маалда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы дагы маалымат таратып 22-апрелде СИЗО-1де мекеменин кезектеги жыйыны болуп, анда 86 адамга карата кармоо режимин жана мөөнөтүн өтүү жайларын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.
"22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.04.2020. 19:19 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-02-2020
Соӊку аракети:
26-05-2020 01:20
Жынысы:
Белгисиз
-3
Акмак болуп буттунор бийлик,кудай бардыр
22.04.2020. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
06-12-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 11:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
СМЕС компаниясы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоону 325 млн долларга бүткөрүп берүүнү сунушташкан. Бирок, А. Атамбаев, Ж. Сатыбалдиев жана С. Исаков өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жеке компания ТВЕАны тандашкан. ТВЕА 386 млн долларга реконструкция кыла турган болгон.
22.04.2020. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
771
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапарды да 47 колонияда кармап туруп андан ары Нарындагы Азиздин ордуна алып барып салса болмок.
22.04.2020. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
02-05-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар Тарых Музейдеги жыгач аттарды 14 000 еврого алгандыгы үчүн мамлекеттин акчасын каалагандай калчап чачкандыгы үчүн кудайдын каарына калды
chake түзөттү 2020-04-22 23:07:32
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: