реклама
super.kg logo

Анвар Абдраев: "Каатчылык кырдаалда өлкөнүн финансылык коопсуздугу баарынан жогору турат"

 

"Кыргызстан Банктар Бирикмесинин" президенти Анвар Абдраев валюталык алмаштыруу операцияларынын ишмердигин жөнгө сала турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү азыркы кырдаалда актуалдуу жана буга убакыт келди деп эсептейт.

Депутаттар чет элдик валютанын кунун регулятор тарабынан көзөмөлдөөнү күчөтүү максатындагы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. "Кыргызстан Банктар Бирикмесинин" президенти Анвар Абдраев SUPER.KG порталына берген маегинде парламентарийлердин демилгесине колдоо иретиндеги пикирин билдирди.

- Анвар Карикеевич, акча алмаштыруу бюролорун жабуу демилгесине кандай карайсыз?

- Бүгүнкү күнү алмаштыруу операциялары Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынат. Кыргызстанда алмаштыруу операциялары 1990-жылдары улуттук валюта чыгарыла баштагандан тартып пайда болгон. Кирешени чет мамлекеттик валютаны алып-сатуудан түшкөн айырмадан табышкан. Башында алмаштыруу бюролору жөнгө салынган эмес, андан соң алмаштыруу бюролоруна бир катар талаптар коюлган, алардын арасында тийиштүү лицензия алуу шарты болгон.

Улуттук банк жүргүзгөн чараларга карабастан, алмаштыруу бюролору өздөрүнүн реалдуу жүгүртүүсүн жана кирешелеринин факт түрүндөгү көлөмүн «көрсөтүүдөн» качышууда, анткени көмүскө жүгүртүүдөн түшкөн киреше көрсөтүлгөн кирешеден жана өлкөнүн бюджетине төлөнгөн салыктын өлчөмүнөн ондогон эсе көп болушу ыктымал

- Мындай таасир алмашуу бюролоруна эмне берет?

- Биринчиден, алмаштыруу бюролорунун бардык эле операциялары ачык-айкын мүнөздө эмес. Ошол эле убакта алар бизнестин ар кыл сферасын: элдик керектөөдөгү товарлардан тарта, күйүүчү-майлоочу каражаттарга чейин кызмат көрсөтүп келишет.

Экинчиден, акча алмаштыруу бюролору терроризмди каржылоого каршы туруу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелер боюнча мыйзамда белгиленген эрежелерди дайыма эле аткара бербейт.

Үчүнчүдөн, алмаштыруу бюролорунда көп учурда накталай акча менен иштөө боюнча тийиштүү документтер жок.

Мындай тобокелчиликтерди жок кылуу жана ачык-айкын салык үчүн, биз бардык алмаштыруу операциялары тийиштүү саясаты жана процедуралары, ички көзөмөл системасы жана валюта алмаштыруу боюнча бардык операциялар каттоого алынган атайын финансылык-кредиттик мекемелерде жүргүзүлүшү керек деп эсептейбиз.

- Акча алмаштыруу бюролорунун жабылышы менен Улуттук банк валюта кунунун деңгээлин кантип жөнгө сала алат?

- Операцияларды жүргүзүү жана бул операциялардын регулятор болуп саналган Улуттук банк менен өз ара мамилеси ачык-айкын болушу керек.

2020-жылдын март-апрель айларындагыдай каатчылык кырдаал түзүлгөн учурда, кесепети жыйынтыкта өлкөнүн калкына жүктөлө турган туруксуздаштыруучу факторлор менен күрөшүүдө мамлекеттин өзүнүн таасир этүү рычагы болушу керек. Инфляциянын кесепетинен биринчи кезекте калк жабыр тартат, андыктан мындай кырдаалда өлкөнүн жарандарынын жана жалпы мамлекеттин финансылык коопсуздугун камсыздоо үчүн бул багытты жөнгө салуу зарыл.

- Депутаттардын демилгесине каршы чыккандар рынокто монополизация пайда болушу мүмкүн дешет. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден, бүгүнкү күнү алмаштыруу операцияларын коммерциялык банктардан сырткары, өлкөнүн ар бир районунда кеңселери бар микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик уюмдар же кредиттик бирикмелер жүргүзө алат.

Мында монополизация жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, биздин банктык система, тескерисинче, атаандаштыктын жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт.

Экинчиден, алмаштыруу бюролору уюмдук-укуктук формасын өзгөртө алат: жогоруда аталган финансылык институттардын бири катары реформаланса болот.

- 2014-жылдагы валюталык каатчылык учурунда алмаштыруу бюролоруна тыюу салуу маселеси парламентте талкууланган, бирок демилге колдоого ээ болгон эмес. Азыр кырдаал эмнеси менен айырмаланып турат?

- Бүгүнкү күнү каатчылык менен рыноктун айрым катышуучуларынын спекулятивдик аракеттери бириккендеги курч кырдаал байкалып, депутаттардын тобу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешти.

Өзгөртүү киргизүүнүн оппоненттери айткан 90-жылдардын башындагыдай алмаштыруу бюролордун көмүскөгө кетүүсүнө жол берилбейт. Анткени рынокто аталган ишмердик түрү менен алектенген расмий оюнчулар жана көмүскөгө кетирбөө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча Улуттук банк менен башка мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

Себептер Улуттук банктын алмаштыруу бюролору боюнча статистикасы менен тастыкталат: 2019-жыл менен 2020-жылдын башында эле 15 лицензия артка чакыртылып, 129 лицензиянын аракети токтотулган, 16 эскертүү, 220 жазма буйрук жиберилген.

Бизде рыноктук валюта жүгүртүү, валюта рыноктук наркта, ошол эле убакта, өзгөчө оор кырдаалдарда, мамлекет өлкөнүн жалпы экономикалык жана финансылык коопсуздугун жөнгө салуусу жана колдоосу керек.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.04.2020. 19:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
12-05-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 07:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсыздарбы, каатчылык деген бул акчан болгону менен алнанга нан жок, ачарчылык,жегенге эч нерсе жок, тамак учун адамдар бирин бири олтургонго чейин барган кырдаалды каатчылык дейт, сиздерден сураныч бул созду колдонбой эле коюнуздар азыр бардык нерсе бар кудайга шугур
22.04.2020. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
29-10-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 22:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Topchu83,Туура азыр каатчылык эмес кудайга шүгүр дешибиз керек каатчылыктан кудай сактасын,ошентип өзүвүз чакырып алабыз кудай көрсөтпөсүн каатчылыкты.
21.04.2020. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
12-05-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 07:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
анвар абдраев озунузга кара таш азыркы кырдаалды пандемия учуру дейт ойлонуп суйлон
22.04.2020. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1066
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
20-05-2020 17:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билбеген коп создор бар окшойт
22.04.2020. 13:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
02-05-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
0
ден соолук баарынан өйдө турат ден соолугун болбосо миллион акчаң да жардам бере албайт
22.04.2020. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
21-10-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 23:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ неге менин ком.очуруп коебересинер, бийлик элдин нанын алып саналуу байларга берип койду. Акча алмаштыруу жайларын жапса, ал мумкунчулукту тек гана мам.банкка гана бериш керек ошондо адилеттуу болот.
23.04.2020. 14:30 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
25-05-2020 17:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Qwer007, сиздин билдирүүлөрүңүз өчүрүлгөн эмес. Өчүрүлө турган болсо, себепсиз өчпөйт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: