реклама
super.kg logo

Жактоочу: "УКМК дайыма эле Атамбаевдин абалы жакшы деп маалымат берет. Бирок мурдагы өлкө башчынын ден соолугу жакшырган жок"

 

Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар болуп жатканын анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.

Буга байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымат таратып, Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык экенин жана ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдиришти.

Мындан улам маалыматты тактоо үчүн жактоочу Замир Жоошевге байланышканыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп берди:

"УКМК негизи дайыма эле Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык деген маалымат берет. Бирок чындыгында мурдагы өлкө башчынын көп убакыттан бери кан басымы төмөн болууда. Анын ден соолугунун бул тарабы жакшырган жок. Бүгүнкү күндө дагы Алмазбек Атамбаевдин кан басымы нормадан ылдый болуп жатканы байкалууда. Ошого байланыштуу УКМКнын тергөө абагында ден соолугуна кам көрүп, дарылоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан, УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлеринин коштоосунда жеке клиникада дарыланып, ден соолугун изилдөөгө алууга шарт түзүү керек", - дейт жактоочу.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.04.2020. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
21-05-2020 22:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында Батукайевди эртен олот деп ушул качырган. Азыр андан соо киши жок. Эми анын ордуна жат унчукпай!
17.04.2020. 23:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
02-05-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
мульти миллионермин деп мактанып жатты эле азыркы кыйын кезде элге бир кг ун берген жок Алмаз Дача суда самолет кулаганда да ушундай кылган бул акмак
18.04.2020. 08:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 10:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай эч жака чыкпайт Алмазбек!
Жатсын,эмне болсо боло берсин.
Байкуш кылып салдынар го бул адамды.
Адам баласы кылган кылмыштары учун жазасын алат.Окунуч бар учун ооруй берет.Ага эмне мынча боор тартып жатасынар.Алмаздай бай болбосо дагы боорукер,элин ойлогондор унчукпай эле жатышат го.
Убагында озунду ойлодун.
Адамдын тагдыры менен ойнодун.
Эми озундун ден-соолугун менен курош!
Бирок чыгып даарыланамын деп ойлобо!

18.04.2020. 08:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 10:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык-бийликке таянган,жалганды чын кылып суйлогон,чындыкты мойнуна албаган,адамдын тагдыры жонундо эч качан ойлобогон,элдин ырыскысын жеген адамдын унун эч ким укпайт,акчасы жардамга келе албайт.Арыздана берет.Укпагыла!
Убагында мамлекетти болушунча талап тонолуп жатса дагы мамлекетти ойлоп тоноочуларга кылмыш ишин ачкан жок.
18.04.2020. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 23:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кандай корот билбеймин, жаманбы жакшыбы Акаев, Бакиев, Атамбаев булар учоосу кыргызстандын президенти болгон. Менин оюмча президенттерди куугунтукка албаш керек. Мындан кийин саясатка аралашпай тургандай кылып эскертуу берип эркиндикке коё беруу керек. Президенттердин арасынан Бакиев эң жакшы иштеди кыргызстандын онугуусуно эң коп салым кошту эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: