реклама
super.kg logo

О! бардык окуучулар, мугалимдер жана студенттер үчүн «ЯКласс» платформасына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн ачты

 

Кыргызстандын мектептери, ЖОЖдору, техникумдары окутуунун дистанциондук форматына өтүүдө жаңы чакырыктарды кабыл алышты. О! Мобилдик оператору мугалимдерге, окуучуларга жана студенттерге кризистен чыгууга гана жардам бербестен, келечекке карата максималдуу туруктуу тутумдарды түзүүгө да көмөк берүүдө.

Эми дистанциондук окутуу үчүн бардык «Мугалим 200», «Окуучу» жана «Студент Онлайн» тарифтеринде дүйнөлүк билим берүү платформасынын бири - «ЯКласс» АКЫСЫЗ жеткиликтүү.

«ЯКласс» платформасынын артыкчылыктары:

  • Бул тапшырмалардын жана видеолордун эң ири базасы,
  • Ар бир көнүгүүнү чексиз жолу иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү,
  • Мугалим жана ата-энелер тарабынан контроль.

«ЯКласс» платформасынын уникалдуулугу анын базасында окуучулардын жана студенттердин ар кандай түрлөрүнө ылайык комплекстүү чечимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүндө болуп саналат. Сервис тесттерге эффективдүү даярдануу үчүн онлайн-көнүгүүлөрдү да камтыйт. Ал окуучулардын аракеттеринин ырааттуулугун көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле көчүрүп алуу көйгөйүн чечкен ар бир балага ылайыктуу уникалдуу тапшырмалардан турат. Портал мектептик программа боюнча онлайн-тренажёрлорду жана үй тапшырмаларын автоматтык түрдө текшерүүнү камтыйт. «ЯКласс» компаниясынын сайтында мектептик программанын 13 предметинен 1,6 трлн тапшырмалары жана видео сабактар жайгаштырылган.

«О! Мобилдик оператору алдыңкы гана онлайн-технологияларды жана мобилдик сервистерди киргизүү боюнча адистешип келет. Биз дистанциондук окутуу боюнча өнөктөштөрүбүз менен бирге эң алгач мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө дагы бир куралды сунуштап жатабыз. «Якласс» окуучу үчүн окутуу процессинин эффективдүүрөөк болуусуна жардам берет, окуучу эми смартфондун жардамы менен гана ойнобостон, толук кандуу билим дагы ала алат», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Бүгүн «ЯКласс» платформасынын онлайн-аянтчасын Россиянын, Латвиянын, Армениянын, Австриянын, Финляндиянын, Германиянын, Казакстандын жана Беларусь Республикасынын 50 миң мектебинен 1 миллион окуучу жана 200 000 мугалим пайдаланууда.

Эми «ЯКласс» Кыргызстанда дагы!


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144774;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: