реклама
super.kg logo

«MEGA студенттер үчүн» акциясы – бул акысыз байланыш. Келечек билимдүү жаштардын колунда!

 

«Альфа Телеком» ЖАК мектеп мугалимдерин жана окуучуларын акысыз байланыш менен камсыз кылгандыгы баарыбызга маалым. Эми MegaCom компаниясы карантин убагында үйлөрүндө болуп, аралыктан окутуу жолу менен билим алып жатышкан студенттерди да колдоону чечти жана алар үчүн «MEGA студенттер үчүн» акциясын ишке киргизди.

Урматтуу студенттер! MegaCom компаниясы карантин шартында билим кенин казып жаткан студенттерди көз жаздымда калтырган жок жана сиздер үчүн «MEGAСтудент» интернет-топтомун иштеп чыкты. Топтом карантин маалында Кыргызстандын бардык жараны үчүн акысыз көрсөтүлөт. MegaCom байланышына кошулуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү сайттарына, KelBil жана Google Classroom сервистерине акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн алыңыз. Үйдөн чыкпастан эле окуу материалдарын колдонуп, жаңылыктардан артта калбай, маанилүү маалыматтарды алып жана да бөлүшүп турсаңыз болот. Кеңири колдонулуучу тиркемелерде баарлашуу жана көңүл ачуу үчүн акысыз интернет-трафик каралган:

WhatsApp;

Instagram;

TikTok.

Дүйнө жүзүнүн көңүл борборун коронавирус тууралуу түрдүү маалыматтар ээлеп турган учур. Өзүнө көңүлдүү маанай тартуулап, бош убактысын кызыктуу өткөрүүнү кааласа, студенттер «MEGAСтудент» акысыз топтомунда төмөнкү оюндар үчүн бериле турган акысыз интернет-трафикти колдоно алышат:

PUBG Mobile;

GarenaFreeFire;

BrawlStars;

World of Tanks Blitz;

Dota 2 жана Dota Underlods;

Clash of Clans.

Балансы нөл жана нөлдөн төмөн болгон абалда MegaCom студент-абоненттерине күн сайын түйүн ичинде 10 мүнөт акысыз байланыш берилет. Топтомду кантип кошуп алууга болот? Топтомду үйдөн чыкпастан эле кошуп алсаңыз болот. Болгону WhatsApp аркылуу 0999 120000 номерине табыштама калтырыңыз. Билдирүү төмөндөгү маалыматтарды камтуусу керек:

• Аты-жөнү;

• MegaCom номери (топтом кошула турган);

• Университеттин аталышы;

• Тайпа;

• Студенттик билеттин же китепченин сүрөтү.

Бир күндүн ичинде сизге кошуу үчүн нускама жөнөтүлөт. Табыштаманы каалаган мобилдик операторлордун номерлеринен калтырууга болот. «MEGA студенттер үчүн» акциясына кошулуңуз да, жакындарыңыз менен чектөөсүз баарлашыңыз, убактыңызды көңүлдүү өткөрүңүз жана билим дүйнөсүнө саякаттаңыз! MegaCom ар дайым сиз менен!


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144774;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: