super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Конуштарда маршруттук баракчаларды 50 сомдон сатып жатышат. Бул мыйзамдуубу?" дешет конуш тургундары

 

Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан конуштарда маршруттук баракчалар 50 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Калыс-Ордо конушунун жашоочулары билдирди.

"Негизи маршруттук баракчаларды колго жазып алса болот деп укканбыз. Бирок биздин конушта жана коңшу Ак-Бата, Ак-Жар конуштарында деле баракчалар сатылып жатыптыр. Баасы 50 сом. Анда квартал башчыларынын колу жана мөөр коюлат. Негизи маршруттук баракча аныктама катары берилет да, эмнеге ал 50 сомго сатылып жатат? Шаар тургундары маршруттук баракчаны колго жазып алып, мөөр койдурбай эле жүрөбүз дешүүдө. Бирок биз мындай колго жазылгандар менен объезд жактагы посттордон өтө албай жатабыз. Учурда карантиндин 20-күнү кетип жатат. Шаардан акча алыш керек болот, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды сатып алыш керек. Эмнеге бийлик конуштардын укугун бузуп, бизге өзгөчө катаал мамиле жасап жатат? Же бул райондор боюнча социалдык дискриминациябы? Негизи эле маршруттук баракчаларды сатуу мыйзамдуубу?" - дешет конуш тургундары.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2020. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
469
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
25-11-2020 06:17
Жынысы:
Белгисиз
-1
Казфр маршрутный лист онлайн менен эле алса болот го.
13.04.2020. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
656
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
24-11-2020 12:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Куноо ошол алып жаткандардын озундо,талап кылганды билбеген..Мен эки жолу чыгып келдим колго эле жазып,эч ким чекеге черткен жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
155727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: