реклама
super.kg logo

Министр: "Коронавируска кабылгандардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор" (видео, хронология)

 

Бүгүн, 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавируска байланышкан өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берди.

Учурда өлкө боюнча 228 жаран коронавирус менен ооруп жатат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-07 09:48

Суроо: Коронавирустан каза болгондордун бири инфарктка кабылганы айтылган. Бирок бейтаптар вируска кабылганын укканда психологиялык басымга дуушар болушат да. Алар менен психологдор иштешеби?

Жооп: Ооба, андай учурда бейтаптын жакындарына дагы психологиялык жардам керек.

2020-04-07 09:45

Суроо: Эмнеге давааттан келгендер катуу карантинге алынган эмес?

Жооп: Давааттан келгендерди үй карантинине жибергенбиз. Бүгүнкү күндө алгоритмди өзгөрттүк. Давааттан келгендердин анализи чыкмайынча, биз аларды үйлөрүнө чыгарбайбыз.

2020-04-07 09:41

Бизде ПЦР-тесттер жетиштүү. Мындан тышкары ушул аптада 35 миң даана тест-систем Түркиядан келери күтүлүүдө.

2020-04-07 09:37

Коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселеси кечээ, 6-апрелде каралды. Компенсациянын суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм катталса, башка компенсация каралат. Комиссиянын чечиминен кийин бул маселе Жогорку Кеңеште караларын билдирди министр Сабиржан Абдикаримов.

2020-04-07 09:33

Казакстанда 4 кыргыз айдоочусунан коронавирус аныкталган. Алардын үчөө өлкөгө алып келинди. Бирөө Орусиялык жаран болгону үчүн өлкөгө киргизилген эмес.

2020-04-07 09:30

"8 миң тоңдурулган үлгү алынган жарандар учурда үй карантининде. Биз алгоритмди өзгөрттүк, мындан ары обсервациядагы жарандарды үйүнө жөнөтпөйбүз. Күнүнө миңден ашуун тест алынып жатат", - деп  билдирди саламаттыкты сактоо министри. 

2020-04-07 09:29

Бүгүнкү күндө 19 медицина кызматкерлеринен коронавирустун козгогучтары бар экени аныкталды.

2020-04-07 09:26

"Коронавирустун күч алган мезгили болжолдуу кайсы учурга туура келери боюнча айтуу кыйын. Биз бул боюнча алдын ала божомолдорду карап жатабыз, жакынкы күндөрү айтабыз", - дейт Сабиржан Абдикаримов.

2020-04-07 09:24

"Мейманканаларда обсервацияда жаткандардын арасында коронавируска кабылгандар бар экени аныкталды. Биз аларды дарылоого алып кетип, калгандарын карантинге жиберебиз", - дейт министр.

2020-04-07 09:22

Бүгүнкү күнгө карата 21 бейтап стационарда жатат. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда.

2020-04-07 09:16

Коронавирус менен ооруп жатканы аныкталган 12 бейтаптын бирөө кичи ажылык зыяратынан келген. Калгандары ооругандар менен байланышта болгон.

2020-04-07 09:14

Кечээ, 6-апрелде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-04-07 09:13

Бүгүнкү күнгө карата вирус жуктурганы аныкталган 12 жарандын ичинен жетөө медицина кызматкерлери. Булардын ичинен төртөө 1 дарыгер жана 3 медайым Ноокаттагы оорулууларды карашкан. Дагы 1 врач, 2 медайым Ош шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштегендер. Бирөө кичи ажылык зыяратынан келген адамдан жуктуруп алган. Калгандары үйдөгү байланыштан жуктуруп алган. 

2020-04-07 09:11

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган дагы 12 жаран катталды. Алардын ичинен 3өө эркек жана 9у аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри билдирди.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.04.2020. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
05-06-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштебесе деле врачтардыкы кете берет дедиго менин келинчегим спецбольнитца иштейт без содержания жаздырып үйлөрүнө таратып салды ошону тактап корсонуздор Супер
07.04.2020. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
06-12-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 11:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дарыгерлердин иштеген жерине жараша болот экен. Мисалы эпидемиологиялык абал курч болгон аймактарда иштеген дарыгерлерге айлыктан тышкары 45 миң сом, медайымдарга 43 миң сом жана ал жакта иштеген башкаларга 41 миң сомдун тегерегинде акча төлөнөт.
07.04.2020. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
05-06-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардыгын эмес штатын жарымын же акча сол чонтоко кетип жатабы
07.04.2020. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
03-02-2017
Соӊку аракети:
05-06-2020 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗТАН
+2
Супер эмне Сериялдардын жаны саны
чыкпай жатат..?
07.04.2020. 10:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
915
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
30-05-2020 15:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
ShaKe11, “Супер-Инфо” гезитинин редакциясы 30-марттан тартып 15-апрелге чейин өз ишин убактылуу токтотот. Бул аралыкта гезит жарыкка чыкпайт.
Себеп – өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал, элдин коопсуздугу жана өлкөнүн негизги шаарларына жана айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
145163;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: