реклама
super.kg logo

MegaCom дистанциялык окутуунун өнүгүшүнө жардам берип жатат. "Нуртелеком" эмнеге нааразы?

 

Жаңы коронавирус инфекциясынын Кыргызстанда да аныкталганына байланыштуу өлкөдөгү мектеп окуучулары 13-марттан тартып пландалбаган каникулга тароого аргасыз болушту. Эки аптадай окуучуларга билим алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Муну менен катар эле алар бул аргасыздык "каникулу" качан бүтөт, кайрадан качан кадимки мектеп коңгуроосу кагылат деген суроолордун жоопторун ала албай жатышты.

Пандемия шартына ылайык, өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларына динтанциялык билим берүү процессин жайылтуу боюнча планды иштеп баштады. Бул ишке MegaCom мобилдик байланышы кол куушуруп карап тура алган жок. Ыкчам түрдө MEGA24 тиркемесин жана анда 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларга арналган атайын "Мектеп" бөлүмүн иштеп чыгып ишке киргизди.

"Педагогдорго жана окуучуларга билим берүү контентине жеткиликтүү линия ачып берүү демилгеси менен бизге MegaCom компаниясы кайрылды. Mega24 тиркемесинин базасында оператор "Мектеп" деген бөлүмдү ишке киргизди. Ал жактан мектеп окуучулары видео сабактарды, керектүү окуу китептерин, тесттерди таба алат жана жалпы эле онлайн-билим берүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алат. Мындан тышкары биз мектепке даярдоо класстарынын балдарын "Наристе" программасы боюнча онлайн окутабыз", - дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Долбоорду иштеп чыгуу олуттуу иштер менен коштолду. Аны тез аранын ичинде иштеп чыгуу, бардык билим берүү контенттерин санариптештирүү жана кыргыз, орус, өзбек тилдеринде аралыктан окутула турган видео сабактарды видеого тартуу керек болду. Ушул тапта MegaCom'дун кеңсесинде күн сайын сабактар видеого тартылып жатат.

Буга чейин жүргүзүлгөн макулдашууларга ылайык, мектепке даярдоо класстарынын жана 1-2-3-4-класстын окуучулары үчүн даярдалган видеоконтент "Баластан" телеканалынан көрсөтүлөт. 5-класстан 11-класска чейинки окуучулардын видео сабактары "ЭлТР" телеканалынан ("Илим Билим" көрсөтүүсү) көрсөтүлөт. Мындан тышкары "Пирамида", "5-канал" жана "Санат" телеканалдары да көрсөтүүгө көмөктөшөт. Даярдалган видео сабактарды интернеттен - жогоруда аты аталган телеканалдардын YouTube-каналдарынан да көрүүгө мүмкүн.

Өмүровдун айтымында, мектеп окуучуларын онлайн окутуу 8-апрелде башталат.

Билим берүү процессинин алгоритми төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

* мугалимдерге жана окуучуларга видео сабактарды ТВ-каналдардан же интернеттен көрүүгө шарт түзүлөт;

* мугалимдер балдар менен мессенжерлер аркылуу байланышып, тапшырмалар берилет;

* окуучу аткарган тапшырмасын кайра эле мессенжер аркылуу мугалимге жөнөтөт;

* мунун жыйынтыгы менен мугалим окуучуга баа коё алат, муну менен төртүнчү чейректи чыгарууга шарт түзүлөт.

Коронавирус пандемиясы шартында окуу процессин уюштуруунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен телеком-оператор бул долбоордун алкагында болуп көрбөгөндөй зор иш жасады. Тагыраагы, дистанциялык онлайн-билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн акысыз интернет менен камсыздады. Бардык эле окуучуларда интернетке кирүүгү мүмкүнчүлүк жок экенин эске алганда бул абдан актуалдуу кадам болду.

Мындан тышкары, педагогдор, мектеп окуучулары MEGA24 жана WhatsApp тиркемесин толук түрдө акысыз пайдалана алышат. Компания өз ыктыяры менен өлкөдөгү орто мектептердин мугалимдерин - 80 миң мугалимди акысыз SIM-карта менен камсыздай баштады. Бул SIM-карталарды алган мугалимдер ар дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биринчилерден болуп Кант шаарындагы Дмитрий Зубков атындагы №1 гимназиянын мугалимдери SIM-карталарды алышты.

"Дистанциялык билим алуу" долбоорунун алкагында оператор биздин мектептин мугалимдерин SIM-карталар менен камсыздады. Бардык педагогдор "Мугалим 50" тарифтик планына кошулду. Бул бизге билим берүү процессин өздөштүрүп кеткенге, окуучулар, алардын ата-энелери менен кайра байланыш түзүүгө өбөлгө болду. MegaCom компаниясына өз учурунда демилге көтөрүп, ушул иштин баарын аткарып жатканы үчүн ыраазыбыз. Ушул аракеттердин натыйжасында төртүнчү чейрек үзгүлтүккө учурабайт, биз бул окуу жылын да ийгиликтүү аяктай алабыз", - деди гимназиянын директору Замира Сыйналапова.

Бүгүнкү күндө компания окуучуларга да акысыз SIM-карта берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Эмне себептен MegaCom дистанциялык билим берүү механизмдерин калыптандыруу үчүн мамлекетке жардамдашып жатат? Мына ушундай суроо менен журналисттер MegaCom'дун коммерциялык директору Бакытбек Өмүракуновго кайрылышты.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому (MegaCom соода маркасы) коммерциялык гана эмес, социалдык жоопкерчиликтүү компания экенин эске алуу керек. Биз ар бир абоненттин өтүнүчтөрүн угууга, өзүбүздүн мекендештерди оор кырдаалга таштап койбоого аракет жасайбыз. Ушул учурда колдоо абдан маанилүү экенин түшүнгөн MegaCom компаниясы мамлекеттик бул демилгени ишке ашырууга колун сунду. Мындай кадам калктын социалдык муктаждыгын канааттандырууга жумшалган жардам.

Ар бир кыргызстандыктын интернетке кирүүгө шарты жок экенин түшүнүп, биз Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Анда өлкөдөгү онлайн-окутуу механизмин ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү, мугалимдерди акысыз байланыш жана интернет менен камсыздоону сунуштадык. Мугалимдерди "Мугалим" тарифине кошуу менен биз бюджеттик негизде иштеген бул мугалимдердин билим берүү сферасында алектенишине жардам берүүнү максат кылдык. Дал ушул иш-аракеттер мамлекетке чыныгы жардам боло турганын көрүп жатабыз, буга байланыштуу башка бизнес уюмдарды бизден үлгү алып, өлкөнү, өкмөттү колдоп, жардамга муктаждарга жардамга колун сунууга чакырабыз", - дейт Өмүракунов.

Ошол эле учурда биздин коомдо көп учурда болуп келгендей эле долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик оператордун күчү жетпейт деген "ыктыярчылар" чыкты. Ар кайсы булактарда долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында интернет жеткиликтүү аймактар аз, мамлекеттик оператордун кубаттуулугу чектелүү деген маалыматтар жазылып жатты. Ооба, сөз - бул жакшы, а бирок статистика андан мыкты.

Байланыш боюнча агенттиктин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-кварталында интернетке 5 миллиондон ашык кыргызстандык жетки алды. Ал эми интернет жеткиликтүү болгон аймактар өлкөнүн 78 пайызын ээлейт. Эми бир жыл ичинде бул көрсөткүчтөр жакшы жагына дагы өзгөрдү деңизчи. Себеби өлкөнүн телеком-операторлору, анын ичинде MegaCom компаниясынын операторлору тутумду адистер модернизациялоо жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатышканын билдиришүүдө.

Ким жана эмне себептен бул долбоор ишке ашып кетпейт деп айтып, коомдун алдында анын беделин кетирүүгө аракет жасап жатканы түшүнүксүз. Андан көрө бул долбоор керекпи, калыпка салынып калган билим берүүнүн альтернативдик башка жолун көрүп жатабы, ал менен кимдер иштеши керек, ошону айтканы жакшы. Журналисттер бир катар мугалимдер менен маектешип көрүштү, алар абалды кандай көрүшөрүн төмөнкүдөй айтып беришти.

Батма Молдобаева, Жалал-Абад шаарындагы №4 орто мектептин мугалими:

"Биз Билим берүү жана илим министрлиги түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуунун жолун тапканына кубанып жатабыз. Мунун натыйжасында окуучулар жөн эле үйдө отуруп калышпайт, дистанциялык формада билим алышат. Бул сонун жаңылык. Бирок эгерде мамлекеттик оператор мугалимдерге ар дайым окуучулар үчүн байланышта болууга акысыз интернетти жана билим берүүчү бардык ресурстарга акысыз кирүү шарттарын түзүп бербесе долбоор ишке ашпай калмак".

Айгуль Шадиева, Баткендеги мектеп-интернаттын тарбия иштери боюнча директордун орун басары, математика сабагынын мугалими:

"Бул учурда демейде окуучулар окушу керек болчу, бирок алар марттан баштап эле каникулга чыгып калышты. Буга байланыштуу биздин мектептин жетекчилиги окуучуларды онлайн окутуу чечимин кабыл алды. Жакында эле MegaCom компаниясынан акысыз интернетке туташылган SIM-карталарды алдык. Бул абдан ыкчамдык. Интернетке чектөөсүз кирүү менен биз окутуу процессин бат өздөштүрүп кете алабыз. Биздин окуучулар окуу программасынан өтө эле артта калган жок, баарына жетишип кетебиз деп ишенип турабыз".

Гүлшайыр Самудинова, Ысык-Көл облусунун Түп районунда орус тили жана адабияты сабагынан мугалим:

"Окуучулар 13-марттан баштап үйдө отуруп калышты. Буга байланыштуу онлайн-окутуу чечими кабыл алынды. Бирок бул үчүн биринчи кезекте сапаттуу интернет керек да. Билим берүү системин колдоо үчүн уюлдук оператор - MegaCom демилге көтөрүп чыкты. Жакында эле Балбай айылындагы мугалимдерге акысыз интернетке кошулган SIM-карталар таратылды. Бул колдоо мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да абдан маанилүү. Билим берүү процесси үзгүлтүккө учурабайт деп ниет кылабыз".

Аксатбек Дыйканбаев, Нарын шаарындагы №10 мектептин директору:

"Мектептин жалпы жамаатынын атынан MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Ушундай оор кырдаалда жардам көрсөтүп жатат - шаардагы мугалимдерге акысыз интернетке туташкан SIM-карталар таратыла баштады. MEGA24 тиркемеси жана окуучулар менен акысыз интернеттен сүйлөшүүнүн негизинде биз окутууну үзгүлтүккө учуратпайбыз деп ойлойм. Бүгүнкү түзүлгөн ушул кырдаалда мунун баары чоң мааниге ээ".

Мээрим Базарбай кызы, Ош шаарындагы №14 орто мектептин англис тили мугалими:

"Карантинге байланыштуу биз дистанциялык билим берүү формасынын процесстерине өтө баштадык, байланыштын айрым жабдыктарын сынактык негизде пайдаланып көрүүнү баштадык. 8-апрелден тартып аралыктан окутуу расмий түрдө башталат. Мен бийлик бул абалдан чыгуунун жолун таап, онлайн окутуу системин киргизип жатканына сүйүнүп жатам. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн мугалимдерге атайын тарифке кошулган SIM-карталар берилди. Анын алкагында мугалимдер билим берүү ресурстарына, MEGA24 тиркемесине жана башка билим берүүгө керек болгон ресурстарга тоскоолдуксуз кире алышат. Бизге WhatsApp тиркемесине акысыз жетки берилгени да кубандырып турат, бул балдар менен байланышта болууга эң керектүү аянтча".

Төртүнчү чейректин башталышына саналуу гана күндөр калды. Бул мектеп окуучулары кайрадан илимдин булагынан суу иче алышат дегенди билдирет. Бирок, албетте, онлайн режимде. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо ушул эле режимде жыйынтыктоочу экзамендерин тапшырып, жогорку окуу жайларга тапшыра алышат. Кыргызстандыктар Билим берүү жана илим министрлигинин, жоопкерчиликтүү компаниянын колдоосу менен бийлик аралыктан окутуу системин ишке ашырат жана окуу жылы үзгүлтүксүз аяктайт деп ишенип турат. Ким эмне дебесин мындай кыска убакыт ичинде нөлдөн баштап бул долбоорду ишке ашыруу баалоого татыктуу.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
02.04.2020. 21:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
593
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
О!симкартаны колдонот элем,директор заставит этип мегаком алдырып жатат.Болгону 2 гб интернет берилет экен,же 250 сом толош керек андан коп колдонсок.Неге О!ну тандаганга укук берилбей жатат бизге?Ынгайлуу болчу эгер тандоо укугу болгондо.
JaneEr түзөттү 2020-04-02 21:39:42
02.04.2020. 23:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
700
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 13:33
Жынысы:
Белгисиз
0
JaneEr, мугалимдерге бекер болот деп жазылып турбайбы
03.04.2020. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
593
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baku88,бекер 2 гб интернет.Андан
ашык 20 гб ка 250 сом толош керек.Бизге тарифти жиберди директор.Жазылып турат 250 сом тологуло деп.
03.04.2020. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
700
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 13:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
JaneEr, бети жоктор ушул жерден да тоноп олуп кетишет экен да
03.04.2020. 06:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 01:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
JaneEr,мен мега колдоном, 80сом салып
10гб кун
10 тунго берилет а О болсо кээ бир аймактарда жакшы инт иштебейт
05.04.2020. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 21:39
Жынысы:
Белгисиз
0
amin1986,мен О жана Билайн колдоном. Карантинге чейин эле интернет кыжырга тийип аран иштейт. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо2 де жашайбыз. Эгер мегаком биз тарапка жакшы шарт тузуп берсе Мегакомго отмокпуз. Анткени элдин калын катмары жашайт, арга жок интернет начарлыгына чыдайбыз
03.04.2020. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
18-09-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 15:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
JaneEr, сиз мега24 деген приложениясын О! менен колдонсонуз болсо керек.
ага созсуз мегаком колдонуу кажет эмес.
тактап корунуз балким, ошол берилген сим карта ошол мега24го акысыздыр, аны базадан каттап койгондур менин оюмча.
02.04.2020. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
666
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 11:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
О ото начар компания, един-ны жеп кетишти, баарын эсептеп берсем дагы,туготуптурсуз деп коюшту.О компаниясы кооп кетишиптир туура кылышат.
02.04.2020. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+7
O!bir ayga 160 som dep koyup, 29 kundo 160 som alip koyot. Bir ayda 30-31 kun bar dep aytsam dele jok 29 kungo esepteler deyt, anda 1 ay emes 29 kungo 160 som dep reklama kilgila desem joop bere alishpayt.
02.04.2020. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 02:32
Жынысы:
Белгисиз
+11
Интернетти элге дагы бекер кылып койсоңор болбойбу
03.04.2020. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 03:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurgaz, эми О! элди ойлосо интернетин бекер кылса кана? Бекер кылса мен О!ну колдонмокмун!
03.04.2020. 07:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 01:09
Жынысы:
Белгисиз
-3
nurgaz,сага эмне оюнбу?
Ушул жагына да шугур кылсан.
02.04.2020. 23:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
05-01-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:13
Жынысы:
Белгисиз
+11
О! Эч качан КРнын пайдасына жана элдин пайдасына иштебейт ал только Назарбаевдин пайдасына
03.04.2020. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 03:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
О! компаниясы эмнеге наары экенин мен билем, анткени О!нун абоненттерин МегаКом тартып алып жатпайбы! Ошондуктан О! компаниясы МегаКомго карата кара пиар жасап жатат окшойт. О!нун расмий сайтында МегаКом тууралуу жазганын окусаныздар болот, эмне деп жазганын!!!
Мегакомду колдойлу, анткени МегаКом мамлекеттик ишкана! А О! болсо, башка инвестордуку, О!нун тарифтери дагы кымбат жана интернети бат тугонот!
03.04.2020. 01:29 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-02-2020
Соӊку аракети:
06-04-2020 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
tular,
Туура айтасыз, мегаком интернет скорость жакшы, анан да кунумдук пакетти очуруго болот а билайн мн ошка очуро албайсын
03.04.2020. 07:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 01:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мега га откуло, озубуздун мамлекеттик компания
03.04.2020. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен канча жылдан бээриле мега нын интернетин колдоном, башка операторлор кандай экенин да билбейм. Көнүп да алдым, точка доступа бекер. Ошканы жөн эле связга колдоном, интернетин колдонгондордон кымбат, интернети жай экенин көрүп жүрөм, акча жегенге эле кыйын
03.04.2020. 17:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
15-01-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 11:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өзбекистан мамлекетине окшоп,2айга бекер сүйлөшүү,бекер интернет кылып коюшса деле болмок.
Акча тушбөй калат да ээ.
03.04.2020. 17:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
02-11-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
muras111211,Андай кылышса ачка калышатта
03.04.2020. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 12:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мегаком чоң шаарларда эле иштеп жатат 4G, бизге, айылдарга да 4G келсе автоматический Мегага өтөм. Бишкектен Мегаком колдончу элем, айылда 2G эле кармап атат. Урматтуу Мегаком компаниясы, айыл аймактарга 4G коюп бериңиздерчи!
03.04.2020. 21:28 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
28-03-2020
Соӊку аракети:
24-05-2020 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуучуларга да бекер интернет бериш керек.Иштебей нанга акча таппай олтургандар толтура,анан ед.га каяктан акча салышат?Ушундай кырдаалда.
03.04.2020. 21:48 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-03-2020
Соӊку аракети:
21-04-2020 13:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нуртелеком нааразы деп теманарда турат нааразычылыгын жазбапсынарго
03.04.2020. 22:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 03:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kich, О!нун сайтына кирип карасаныз жанылык деген разделинде турат, нааразы болуп...
04.04.2020. 00:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
27-08-2012
Соӊку аракети:
06-04-2020 15:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Ошканын колдонуучулары казактарды, ошол эле учурда Назарбаевди байытып жатканынарды эске алып койгула. Андан коро ата мекендик мегакомго откуло. Патриот болгонунарды ушундайда корсоткуло.
kgul түзөттү 2020-04-04 00:36:38
04.04.2020. 05:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
23-05-2020 23:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Билайн кандай? 2007 жылдан бери Билайн иштетип келем 120сом салам бир жумага жетет. Баары эле Ошка, Мегаком жонундо жазышыптыр. Билайн жонундо да жазгыла билбегенди билип алайык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144347;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: