super.kg logo

"Министр алмашса эле коронавирустан кутулгандай сүйүнүп жатышат. Жок, силер терең адашып жатасыңар". Профессор Калдарбек Абдраманов ойлорун бөлүшөт

 
Республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдыраманов
3-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 125 адамга жетти. Мындан улам түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун негиздөөчүсү, жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдраманов дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемия, өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу SUPER.KG порталына маек курду. Ал бул жагдайга адис катары кайдыгер карап тура албасын жана тиешелүү адистер дагы үн кошушун талап кылып, айрым кейиткен жагдайларга токтолду.
"ЭЛДИ КАМАП КОЙСОК КОРОНАВИРУС ЖОГОЛУП КЕТЕТ ДЕГЕН ЖОМОК"
- Коронавирус боюнча ордубузда эле турабыз. Элди карантинде кармаганыбызга 10 күндөн ашты. Элди камап, көчөгө чыгарбай аракет кылып жатабыз, башка алгылыктуу иш деле боло элек. Ооругандар келип жатат, бирок атайылап барып, издеп, камалган райондорду, айылдарды текшерип, иликтеп чыккан жокпуз. Карантин кылып элди көчөгө чыгарбай койсок, эпидемия ошол боюнча токтоп калат деген туура эмес пикир. Элдин менталитетине, жашоо-шартына, медицинанын абалына караш керек. Айрымдардын жашаган жери тоолуу, айрымдарыныкы болсо түз аймак, дагы бир райондордо эл жыш, ал эми башка жерде сейрек. Айтор, баарына караш керек, жөн эле камап, кадамды чектеп койсок, коронавирус өлүп, жоголуп кетет деген бул жомок. Тилекке каршы, ушул нерсени адистерибиз, жетекчилерибиз капарга алып, маани бербей жатышат.
Албетте, мен эпидемиолог эмесмин, бирок дарыгер, саламаттыкты сактоо тармагынын адиси катары абалга кайдыгер карай албайм. Ойлонуп көрөлү да, азыркы жүрүп жаткан өзгөчө кырдаал, айтылгандай эле өзгөчө болуш керек болчу. Бул согуш абалы же башка абалдан айырмаланган өзгөчө кырдаал – пандемия болуп жатат. Ошондуктан олуттуу мамиле жасап, талапка ылайык, максаттуу иштеш керек.
Коронавирусту токтотуу үчүн карантин жарыялап, айылдарды, райондорду жаап олтурабыз. Ооба, бул биринчи чоң жана эң маанилүү кадам. Бирок андан кийинки кадам, анын ичиндеги элди жапырт текшерип, оорулууларын таап чыгуу маанилүү. Урушта туруш жок. Жеңишке жетишкиң келсе, чабуулга өт дейт. Мисалы, 500 киши менен 3 миң киши жашаган ар кандай элдин массасы топтолгон айылдар бар. Аларды ичинен тестирлөөдөн өткөрүп, изилдеп чыгуу керек. Жарандарды топтоп отура бербестен. Алардын ооруп жатканын же дени сак экенин аныктаган күндө деле баары бир бир-экөө калып калышы мүмкүн. Бирок ушундай жол менен гана биз изоляция карантиндин максатына жеткен болобуз. Антпесек биз жалпы өлкөнү же облусту, балким, бир айылды 1-2 айлап карантин кылып, кармап олтура албайбыз да. Биз ал зоналарды батыраак тазалап, бошотуп, тазаланган жерин тазаланды деп, элге талаа иштерине, башка иштерге ошол зонанын ичинде көчөгө чыкканга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек.
"ЖАЛПЫ ЭЛДЕН ТОЛУК ТҮРДӨ ТЕСТ АЛЫШ КЕРЕК"
- Карантинге алынган зоналарды диагностикадан өткөрүп, жалпы элди толук түрдө текшерүүдөн өткөрүү муктаждыгы болуп турат. Башка таза аймактарга тийгендин кереги жок. Карантин болуп жабылган, инфекция табылган айылдарда, райондордо жалпы элден тест алыш керек. Албетте, тест алуу - бул машакаттуу, акчаны көп талап кылган иш экенин билебиз. Бирок адамдардын ден соолугу, мамлекеттин келечеги үчүн пандемияны токтотуу үчүн ушул нерсени жасашыбыз керек. Бул биринчи кадам.
Мен эми жалпы медицинанын акыбалы, бейтаптар кандай акыбалда жашап жатат, менин кесиптештерим кандай абалда, кантип иштеп жатат ал жөнүндө айтпай эле коёюн. Келечекте бейтаптар көбөйүп кетсе, кандай болот ал жөнүндө деле айтпай эле коёюн. Булар өзүнчө чоң жана өтө кейиштүү тема. Убакыт өткөндө өзүңөр көрүп, угуп, билип анан айтасыңар. Мен үчүн, кесиптештерим үчүн бул темалар өтө оор. Он жылдап какшап айтып келе жатам, медицинаны модернизациялоо керек деп. Аны уккан жетекчи жок. Жашоо бул саясат болуп калды. Мына үзүрүн эми көрүп жатабыз. Мейли, болоору болду, боёосу канды. Азыркы максат башка - коронавирус менен күрөшүү.
"МИНИСТР АЛМАШСА ЭЛЕ КОРОНАВИРУС КАЧЫП КЕТПЕЙТ"
- Министр алмашкандан бир нерсе өзгөрүп, коронавирус качып кетпейт. Негизи бул жерде министрди алмаштыруу максат эмес болчу. Азыр отуруп алышып комитетте, Жогорку Кеңеште талкуу болуп жатат. Албетте, ал талкууну түшүнөбүз жана эл оозунда Космосбек Сариевич көп кемчиликтерди кетиргени да айтылууда. Ага күбө кечээ президенттин нааразы болгону. "Ушундай акыбалга алып келгени үчүн жетекчилер жооп бериши керек" деп айтты. Ооба, бирок бул үчүн жалгыз эле Космосбек Сариевич күнөөлүү эмес. Андан башка канча жооптуу адамдар, тармактар, жетекчилер, кызматкерлер, депутаттар, вице-премьерлер бар, башка өкмөт мүчөлөрү бар. Алар баары инфекцияны массалык кылып эмнени, каякты карап олтурушту? Бизге окшогон орто, жогорку жетекчи, илимпоз, адистер олтурат. Абал курчуп бара жаткандын алдын алып айтыш керек болчу да. Эки айдан бери биз үнүбүз чыккан, угулган жерден айтып эле келе жатабыз, жабыш керек, көзөмөлгө алыш керек, сырттан келгендерди 1-категориядагы, 2-категориядагы мамлекеттер деген ал жомок деп.
Инфекция чыккан өлкөлөр менен алаканы токтотуш керек же катаалдаштырыш керек болчу. Пандемия деп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аныктама бергенден кийин дагы эмнени күттүк? Өзгөчө кырдаалды түшүнүшүбүз керек да. Бир адам инфекцияны жуктурган болсо дагы ошол мамлекеттен келген адамдарды биз текшеришибиз керек болчу. Эмне андай болуп кетти десе, 1-2-категориядагы мамлекет болчу деп шылтоо издешет. Анын кандай айырмасы бар инфекция үчүн? Инфекция менен бир адам келсе, элге жуктурса, айласы арзан, таап, камап көзөмөлдөсө болот, макул деп унчукпай койсок болот эле. Бирок бул жерде 300дөн 1 миңге жакын адамдар келип жатат инфекция тараган мамлекеттен. Ошол миң кишинин ичинен жок дегенде бир же 10 кишиден инфекция чыгат деп ойлоп, аларды текшерүүдөн бардык талаптар менен өткөрсө 14 күн кармасак болот эле да. Ошону ойго алыш үчүн илимпоз эпидемиолог болуштун кереги жок. Макул, 10-15 киши келди жуктурган, анан алар дагы үйлөрүнө барып, 100-200 кишинин катышуусунда тойлорду беришти. Жыйынтыгы ушул.
Министр деген ал саясат менен алектенген киши. Мен түшүнөм ал кишинин кетирген кемчилиги көп нерсени көзөмөлдөй албай калды. Ал өзү фармацевт болчу ошон үчүн ал клиникалык кырдаалдарды көзөмөлдөй алган жок. Бирок анын адистери, жардамчылары, атайын кызматтары бар болчу. Ошол чоң тармактарды жетектеген эпидемиолог, паразитолог, вирусолог, деги койчу баары бар эле да. Алар каякты карап жатышты ошондо? Эмнеге алар унчукпай олтурушат? Министр эмне дээр экен деп же эмне болсо ошо болсун дештиби? Же бул президент айткандай саботаж болдубу?
Албетте, жаңы министрден жакшылык күтөбүз. Кызматка келген кишини жакшы тааныйм, мурун министр болуп иштеген. Көп жакшы иштерди жасаган. Анын адистиги эпидемиолог, балким, жакшы иштерди алып барат. Ал тармактардын башкы адистери менен тыгыз, ачык, ыкчам, адилеттүүлүк менен иштесе, аны колдоо менен ишти чогуу алып барышыбыз керек. Мен 8 министр менен иштедим, бул 9-министр. Көпчүлүгүнүн кемчилиги коркоктук, күнкарамалык, өз ою жок жетеленмелик болду. Андай мүнөз менен азыркы медицинаны оңдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан Сабиржан Токтосунович андай кемчиликтерден оолак болуп, тармакты алга тартарына ишенгим келет.
"АЗЫР АЛДЫН АЛБАСАК КӨП ЖАРАНДАРЫБЫЗДАН АЙРЫЛЫП КАЛУУБУЗ МҮМКҮН"
- Азыр негизги максат коронавирус пандемиясын токтотуу болуп турат. Бул жерде саясат ойноонун, ким министр болот, ким-кимдин жердеши, досу жана башка кептердин кереги жок. Бир кишини колдош керек. Иштегенден коркуп премьер-министр мени урушат экен, эртең ага жаман көрүнбөй маселе көтөрбөй коёюн, баары жакшы, баары көзөмөлдө деп кулагын сүйүнтүп отура бергеним оң десе анда иш жүрбөйт. Акыбал өзгөрбөйт. Ошондуктан министр жакшы иштей албаса, азыр элдин эртеңки тагдырын өтө жаман акыбалга алып келип коёбуз.
Бул коронавирус пандемиясы. Медицинанын акыбалын чукул арада оңдобосок, көп жарандарыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн. Ошону эске алуу керек. Азыр министр алмашса эле коронавирустан кутулгандай сүйүнүп жатышат. Жок, урматтуу жарандар, силер терең адашып жатасыңар. Ким министр болот көп маанилүү эмес, ага көңүл бурбагыла. Ким жаңы министр болуп келсе, ага жардам берип бутка бут, колго кол болуш керек. Бирок ошол карантин штабында иштеген күч кызматкерлери дагы бир нерсени эске алуусу керек. Биз активдүү түрдө ооруган адамдарды аныктап чыгышыбыз керек. Унчукпай дене табы көтөрүлгөндө тест алабыз деп отурсак жыйынтык болбойт. Карантиндин пайдасы аз, жарым жартылай болот. Активдүү иштеп, оорулууларды издеп табуу, ооруканага камоо, жаткыруу, медиктерге иштегенге шарт түзүү негизги милдеттер. Андан кийин акыбалдын өтүшүп кетүүсүнө даярдануу маселелерин колго алуу керек. Мына азыр эпицентр болгон Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күнүнө канча адам тесттен өткөнү белгисиз. Эки аптада элден тест алып, ооруганын таап, дарылап, обсервациялап бүтсөк жакшы болмок. Дагы 14 күндөн кийин карантинди токтотконго мүмкүнчүлүк болот эле.
"МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТ ӨКҮЛДӨРҮНӨ ДА АЙТЧУ СӨЗҮМ БАР"
- Журналисттерге дагы айтчу сөзүм бар. Бир нерсе укса эле аны социалдык тармакка чыгарып, элди толкутуунун кереги жок. Маалыматта жетпеген кемчиликтер болсо тийиштүү жетекчилерге айтыш керек. Ошондо эффект болот. Мисалы дарыгердин акыбалын сурап билсеңиз аны элге чыгаруунун кереги жок. Ошол министрдин, анын орун басарынын өзүнө айтыш керек. Ушундай турбайбы эмнеге оңдобойсуңар деп. Ушинтип чогуу иштесек гана акыбал калыпка түшөт.
"ДИВАН ЭКСПЕРТТЕРИ" АДАМДАРДЫН БАШЫН АЙЛАНТУУНУ ТОКТОТУШСУН!"
- Мен жаңы министр келсе жакшы иш болот деп отурган убагым. Бирок чынында көңүлүм ток эмес. Азыр кырдаал оор. Мен Жалал-Абадда бир айдан бери олтурам. Пландуу операциялар токтоду. Жүрөк оорулуулар көп, аларга кандай болгондо да жардам беребиз. Бишкекте олтуруп алып же башка бир жерде диванда, кабинетте кайкалап эксперт болуп, флешмоб жасап, адамдардын башын айлантууну токтотуш керек. Азыр андай көргөзмөнүн (показуха) кереги жок. Реалдуу жардам берсин, колунан келбейби сүйлөбөй унчукпай олтурсун эстүүлөр. Мен адамдарга кайрылам, үйүңөрдө олтургула өкмөттүн киргизген өзгөчө кырдаалын колдойлу. Бирок жаңы жетекчи келдиби колдон келсе мамлекет акча таап берсин, ооруган адамдардын баарын тазалап чыгышыбыз керек. Азыр экспресс-тест системдер бар, лабораториялар бар. Алар бир-эки саат ичинде баарын аныктап коёт. Менчик лабораторияларга мүмкүнчүлүк берүү керек. Ушуларды жасап, элди карантинден чыгаруу керек. Алар талаа иштерине чыгуусу зарыл. Башка жерде бир нерсе чыкса, ошол жерди баса калып жабыш керек. Ушундай этаптуу, активдүү жол менен гана коронавирусту жеңе алабыз.
"ӨКМӨТ ЖАНА ЭЛ ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КЫЛДАТ МАМИЛЕ ЖАСООСУ КЕРЕК"
- Ооруп чыккан адам айыгып, симптомдору жоголгондон кийин такыр эле айыгып кетеби же вирус калып калабы деген суроого азырынча эч ким жооп бере албайт. Бирок аларды шарттуу түрдө айыкты деп чыгарабыз. Азыр бизде ооругандардын саны 100дөн ашканы айтылып жатат. Балким, бизде андан көп болуп калышы мүмкүн. Анткени активдүү тест кылыш керек жарандарга. Ал эми бизде дене табы көтөрүлүп, клиникалык белги болуп, ооругандардын санын айтып жатабыз. Бул туура эмес. Бизде да айыккандар бар. Мисалы Кытайда 90 пайыз айыгып чыгып кетти. Бирок айыккан жарандарга абайлап мамиле жасоо керек. Аларга адистер, дарыгерлер өзүн кантип алып жүрүү керектигин айтышат. Анан азыркы шартта, өкмөт жана эл медиктерге өтө кылдат жана аяр мамиле жасоосу абзел. Азыр эмне жетишпейт? Алар эмнени сурап жатса, ошону алып берип, аракет жасашыбыз керек. Эми бул жолу жетекчилер силер бизди угуп койчу мезгил келди.
"АДИСТЕР ЭМНЕГЕ ҮН КАТПАЙ, ООЗУНА ТАЛКАН САЛЫП ОТУРУШАТ"
- Биз келечекте кайсы этаптардан өтүшүбүз мүмкүн, кандай даярдык керек? Бул тууралуу социалдык тармактарда оюмду билдирип жатам. Бирок менден башка дагы окумуштуу, академиктер бар да. Бизде чоң академия бар. Аларга кайрылгым келет. Кана ошол академиктер эмнеге унчукпай отурушат? Качан академияга шайлоо болсо, биз академик бололу деген жүздөгөн окмуштуулар жүрбөйбү. Эмне үчүн алар оозуна талкан салып, унчукпай отурушат? Айтышпайбы эпидемиологдор, биологдор, зоологдор, вирусологдор жана башка тийиштүү адистер. Элдерге эмне болуп жатканын ошолор да түшүндүрүшсүн. Өкмөткө айтсын эмне кылыш керек экенин. Эпидемиялык борбордо отургандар эле күйүш керекпи? Ойлобогула бизге келбейт деп, эгер мындай кайдыгер болсок илдет бүт баарына жетет. Бизде жок экен деп үйүңөргө бекинбей оюңарды айткыла. Силердин акылыңар, билимиңер бар. Азыр эл, мамлекет компетенттүү маалыматка суусап турат. Силер академиядагы шайлоону күтпөгүлө, бир күнү болуп калар, андан көрө элге маалымат берип үйрөткүлө, жаңы министр келсе ага жардам бергиле. Ошондо гана бизде баары жакшы болот.
"БААРЫБЫЗ ДЕҢИЗДЕБИЗ, КАЙЫГЫБЫЗДАН ЖАРАККА КЕТТИ"
- Азыр биз баарыбыз деңиздебиз, кайыктабыз, кайыгыбызга жаракка кетти. Ошол жараканы бүтөй албасак академик болосуңбу, президент болосуңбу же катардагы дарыгер же жөнөкөй жаран болосуңбу баарыбыз чогуу ошол кемеде чөгөбүз. Ошону туугандар, унутпайлы. Ошол үчүн кемени чөктүрбөшүбүз керек. Милдет ошол. Адамзаты бир тарапта, коронапандемия бир тарапта. Бул эми чоң апаат, ошондуктан чоң комплекстүү өкмөттүк программаны талап кылат. Муну эртерээк жасашыбыз керек! Баарыңарга ден соолук каалайм. Азыр ачкадан адам өлгөн заман эмес. Баш аламан эмес, башыңарды бийик көтөрүп биримдикте болгула!

кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Комментарийлер(24)
03.04.2020. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
269
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
30-05-2020 19:29
Жынысы:
Белгисиз
+28
Абдан маанилүү ой айтыпттыр, оору чыккан аймактын элин толук тесттен өткөрүү керек. Ооруну жуктуруп алып аны өзү билбей башкаларга жуктуруп жүргөндөр болушу мүмкүн. Текшерип, чыкканын алып кетип тазалап турса гана тезирээк кутулабыз го дейм.
03.04.2020. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 00:54
Жынысы:
Белгисиз
+18
Kanday gana altin sozdor tushungon adamga.
03.04.2020. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
11-07-2016
Соӊку аракети:
01-05-2020 11:05
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен да кошула массалык турдо тест откоргону, карантинде элдер жумушсуз ачка отурат, зордук зомбулук кобойуп, балдар коп кабаттуу уйлордун терезесинен кочону карайм деп кулап тушсо тан калбагыла, ошондон корком, артык кылабыз деп тыртык кылбайлы, Эгер жумушчу куч жетпей жатса, жонокой адамдарды окутсун анализ алганды, мен барамын созсуз, олконун келечегин ойлош керек, кунумдук такси, соода менен алектенгендер кандай болду десенер
03.04.2020. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
30-05-2020 18:10
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аябай маанилуу жана ото пайдалуу маек куруптур. Тийиштуу адамдарга жетсе, бул маектин негизинде масштабдуу иш-аракеттер журсо ото жакшы болмок....
03.04.2020. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
28-08-2018
Соӊку аракети:
21-04-2020 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бироо сакал остурсо, башкасы кошулуп сакал остурот, артисттер чачын лысый алып койсо, башкасы лысый алып койот. Мына жетеленме калк деп ушуну айт.
03.04.2020. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
15-08-2018
Соӊку аракети:
04-05-2020 20:06
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оз ишин эн мыкты оздоштургон,Кыргызстандагы эн корунуктуу хирург врач-катары билем. Окмот ушундай кесипкой медиктин иш тажрыйбасын эске алып,ушундай кыйын кырдаалда иш,кызмат берип пайдаланса абдан жакщы болмок.
03.04.2020. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мекенге куйгон,кунумдукту эмес келечекти ойлогон Калдарбек Алишерович Абдраманов сизге ден-соолук каалайм.
Элге колунуздан келген жардамынызды берип келе жатасыз.
Оюнузду толук колдойм.


03.04.2020. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
31-05-2020 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул айткан создорунузду жми практика жузундо колдонушса бир майнап чыкмак.
03.04.2020. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
04-05-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
+10
Благовешенкодо балдар кочодо эле ойноп журушот. Элдин копчулугу 7-8 классты зорго буткон адамдар, вирус боюнча сабатсыз. Кошуналарыма айтсам жаман корушот. Мен айтам биз универде микробиология окуганбыз бул опасный десем бираз ишенишет. Мындай кырдаалда карантинде жатканыбыз бир тыйын,эгерде ушул учурда ооруулууларды таап калбырга салып иргебес. Ошол ажы тойго барган Медкызматкерлер да бар (ФАП)тагылар деп айтышып жатышат кошуналар
zamir_kgz түзөттү 2020-04-03 11:32:20
03.04.2020. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура эле бирок ошол тест системдер жетпейт экен го. Даже алынган анализдер консервацияда турат дейт. Бир айылдын баарынан анализ алган кундо деле убагында текшерип чыга алышпаса эмне толк.
03.04.2020. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
02-05-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
диван экспертер ушундайда жардамың тийбегенде качан тиет сен эмне элдин баарын көчөгө чыгарып ооруну жуктура бер дегени турасынбы бүгүнкү статистика көрсөтүп турат 4 киши сырттан келген 10у өзүбүздөн отуруп эле жугузду
03.04.2020. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
31-05-2020 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына эми 3-4 күндө 21 күн болот экен, алгачкы оору билингенден бээри. Ооруну жуктуруучулар бүтүп, жуктуруп алгандарды кудай сактасын. Жуктуруучулар мн контакт болгондор өзүлөрү деле билишет да, жашырынып жатышпай, айтылып жаткан тел номерге чалып, анализ тапшырып коюшса болмок. Дагы жайылтуучулардан болушпай. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот
03.04.2020. 17:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
31-05-2020 22:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
+14
Дуйнолук Банктан акча болунду 12 млн ашуун доллар,элден чогулду бир канча миллион,жардам бергендер бар миллион миллион,ошолор кимдин чонтогуно тушуп атат,тест алып текшеришпейби элди карантинде камабай?
04.04.2020. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1210
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 17:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биринчи жолу чондордон адекватный,маанилуу анан эн негизгизи туптуура маалымат бериптир. Чон ракмат. Эл дагв,чондор дагы бул оорууну оюнчук коруп атышат. Настоящий эркек экенсиз. Уважуха
katerina.li түзөттү 2020-04-04 11:43:33
04.04.2020. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
31-05-2020 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+7
Министр жумуштан кетип эн туура иш кылды, менин оюмда устунон бир оор жукту алып салгандай эле женилдесе керек. Бул оорунун айынан коп аткаминерлер жапа чегишет го дейм, особенно медиктер.
04.04.2020. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
31-05-2020 21:32
Жынысы:
Белгисиз
-2
bond02,ашууда ат алмашпайт дейт кыргыз элинде, кое туруп, кийин жай убакытта деле разборка кылып алышмак
04.04.2020. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эң туура сөз,камап коюп отура бербей дальше текшерүү керек,карантин 1966 жыл Москва черная оспа деп көрсөңөр [moderated]дан, миллиондогон шаар тургундарын эмдеп чыгышкан карантинде бир жуманын ичинде
04.04.2020. 17:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
KaGaH,оспага вакцина бар үчүн эмдеп чыгышкан. А бул ооруга вакцина жок. Болсо эле сен айтканча билбей атышат дейсиңби
04.04.2020. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aimani,аны билем айтайын дегеним,камап отура беришпей баардык жарандарды текшерип чыгышса жакшы болмок, оорусу аныкталса изоляцияга алышса башкаларга тарабайт
04.04.2020. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1210
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 17:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
"показуха" жонундо таамай айтыптыр. Ырчысы деле,пырчысы деле,саясатчысы деле ищи кылса кимиси болсо дагы хайп кармашып,диванный эксперт болушуп, Египет ттен келалбай жатса деле пиар кылышып жиберишитиго
05.04.2020. 03:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
01-06-2020 04:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы министр мурда да министр болуп турганда коп балага спид жуккан дешет 2007 жылдары. Ошол маалымат туурабы?
05.04.2020. 09:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
25-10-2019
Соӊку аракети:
14-05-2020 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кишини министр кылыш керек эле. ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-06 11:27:48
05.04.2020. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
03-05-2020 09:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде, Калдарбек Абдраманов Сизге таазим!!!
СИ анык актуалдуу жана керектүү темадагы статья чыгарыпсыңар, рахмат.
Бул маалыматты жайылтууну, элге жеткирүүнү өтүнөм.
05.04.2020. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
31-05-2020 22:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
+1
Соке,ушул кишини которунуз,министр болчу киши экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144774;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: