реклама
super.kg logo

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү онлайн маалымат жыйынын өткөрдү (видео, хронология)

 

Бүгүн, 31-мартта Өкмөт үйүндө Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Надира Жусупбекова жана Нурлан Өмүров онлайн маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-03-31 14:30

Надира Жусупбекова дистанциялык форматта окууда эч кандай каражат талап кылынбай турганын билдирди. "Дистанциялык форматка өтүүдө бүт мамлекеттик муниципалдык, билим берүү уюмдары республикалык бюджеттен каржыланат. Биздин бардык педагогдор дистанциялык форматка өтүп, бюджеттен айлык алышат. Эч кандай кошумча каражаттарды талап кылуу болбойт", - дейт ал.

2020-03-31 14:25

"Балдар күнүгө үйдө болгондуктан аларга жагымдуу психологиялык кырдаал жаратып, иш күнүн туура түзүп берсеңиздер. Мектепке чейинки жана андан улуу балдардын ата-энелерине өзүнчө сунуштарды жөнөтүп турабыз", - деди Жусупбекова.

2020-03-31 14:21

Нурлан Өмүров студенттердин контракт төлөшү боюнча маселе каралып жаткандыгын билдирди.

"Азыркы жагдайга байланыштуу студенттер кезексиз каникулга таратылган. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабаш үчүн жогорку окуу жайларда дистанциялык окуу процесси жүрүп жатат. Бул жогорку окуу жайларга жаңылык эмес. Буга чейин дагы дистанциялык окуу жүргүзүлүп келген. Азыркы учурда студенттер контракт төлөө боюнча суроо келип түштү. Иш-чараларды карап жатабыз. Ар бир окуу жайда студенттер менен келишим түзүлгөн", - дейт ал.

2020-03-31 14:18

Жусупбекова Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылганын эскертти. "ЖРТны өткөрүү мөөнөтү дагы жылдырылат”, - деди ал.

2020-03-31 14:14

Надира Жусупбекова 5-11-класстын окуучулары үчүн "ЭлТР", "Пирамида", "5-каналда" сабактар көрсөтүлө турганын белгиледи. "Мугалим менен окуучунун ортосунда кайтарым байланыш болуш керек. Ал үчүн мугалимдерге так нускамаларды жөнөттүк. Ар бир мугалим өзүнүн окуучулары менен кайтарым байланышты түзүп, окуучуларга кошумча тапшырма берет", - дейт ал.

2020-03-31 14:10

"Бала бакчага барып жаткан балдарыбыз "Баластан " телеканалында биздин бөбөктөр үчүн абдан пайдалуу, тарбия берүүчү мультфильмдер, окуу материалдары көрсөтүлөт. Балдарыбыз мектепке даярдык көрүп башташат. 1-4-класска чейинки окуучулар үчүн аталган телеканалда видео сабактар берилет", - дейт Жусупбекова.

2020-03-31 14:05

Надира Жусупбекова: "Билим берүү жана илим министрлиги кырдаалга байланыштуу окуучуларыбызды, бала бакчада тарбияланган балдарды 8-апрелге чейин каникулга жибергенбиз. Эми 8-апрелден баштап 4-чейректи дистанциялык форматта башташ үчүн бүт даярдыктарды көрүп жатабыз", - дейт.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144935;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: