реклама
super.kg logo

"Эки аптага алган азык-түлүгүм түгөнсө кантем?". Өкмөттүн тилин алып, үйдөн чыкпай отурган ата-энелердин көйгөйү

 

"Өкмөттүн тилин алып, үйдөн чыкпай отуралы десек, жегенге тамак-ашыбыз жок калды" деген жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр коомдо көп болууда. Редакциябызга кайрылгандардын көбү күнүмдүк жумуштарда иштеп акча табарын, запаска тамак-аш алууга мүмкүнчүлүктөрү болбогондорун айтышат. Алардын бири шаар тургуну Зарина айым.

"Эки аптага деп алган тамак-ашым түгөнүп баратат"

"3 балам менен батирде турам, улуусу 12де, ортончусу 9да, кичүүсү 2 жашта. Бишкектеги ишканалардын биринде вахтада иштейм, бир күн иштеп, бир күн эс алам. Жумушубуз азыр убактылуу токтотулду. Айлыгым 5 миң сом, анын жарымына эки аптага жетет деп тамак-аш продуктуларын алгам. Бирок азык-түлүктөр эки аптага жетпей эле түгөнчүдөй. Жарымын насыя төлөйм деп катып койгом.

Күзүндө балдарымдын окуусуна кийим-кече алайын, бөйрөгүмдү дарылатайын деп насыя алгам. Ай сайын 2 миң сомдон төлөп турам. Буга чейин кошумча жумуштарга чыкчумун, кээде жумуштан кеч чыгып калганда баламды улуу кызым алып кетчү. Кийинчерээк бала бакчанын жетекчиси "балаңызды өзүңүз алып кетиңиз, кызыңызга бербейбиз, азыр жол кырсыгы көп катталып жатат" дегенинен күнүмдүк жумуштарга дагы чыкпай калдым.

Коронавирус тууралуу маалыматтарга көп маани бербей жаткам. Кийинчерээк Италиядагы көрүнүштөрдү көрүп корко баштадым. Ал эми коңшу Казакстанда өлүм катталганын укканда балдарымдын амандыгын тилеп, сыртка чыгарбай калдым. Бөлмөбүздү тазалап, терезени ачып, короого дагы чыкпай калдык. Кичинекей балам сыркоолоп да калды.

Карантин узарып кетеби деген коркунуч болуп жатат. Эгер узарып кетсе аз камсыз болгон, айлыкты күтүп жашагандар кантет деп кыжаалат болуп жатам", - дейт каарманыбыз.

Ал эми 7 баланы багып жаткан ата-эне тамак-аштары түгөнгөнүн айтып, "бизге окшогон үй-бүлөлөрдүн маселесин ким чечет?" дейт.

"Жолдошум экөөбүздүн жети балабыз бар. Камдаган тамак-ашыбыз эми эле түгөнүп калды. Акчабызды үнөмдөйлү деп жадакалса медициналык бет кап, антисептик дагы алган эмеспиз. Чөнтөгүбүздөгү акчабыздын баарына азык-түлүк алганбыз. Азыр жолдошум экөөбүз тең отуруп калдык. Бизге окшогон үй-бүлөлөр көп. Бул маселини чечүүнү өкмөт эртерээк ойлонуп, колго алса болот эле", - дейт.

Коронавирус дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүндө катталып, бир катар мамлекеттерде карантин жарыяланып, өзгөчө абал тартиби дагы киргизилди. Кыргыз өлкөсүндө дагы 25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби кирди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлгөн.

Саат 07:00дөн саат 20:00гө чейинки убакытта да жарандарга сыртка чыгууга чектөөлөр болот, 3 себеп менен гана сыртка чыгууга уруксат берилген.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
29.03.2020. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
10-01-2011
Соӊку аракети:
05-06-2020 11:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Красноярск
+10
Эртерек еле бутсо екен
29.03.2020. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
05-06-2020 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+11
Туура ушул маселе кооп ойлонтуп жатат жооп алып бергилечи
29.03.2020. 16:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
293
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
06-06-2020 01:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+7
Бизде да ушул маселе 1 жумалык азык түлүк калды иштейин десең жумуш жок карантин алайын десең акча жок
29.03.2020. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 08:24
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ач олтурсаң да тынч олтур
29.03.2020. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
27-05-2020 17:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990, өзүңдүн башыңа келгенде билесиң!
31.03.2020. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
04-05-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
Tyty1990,озун ач отура бер.
29.03.2020. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
05-06-2020 16:29
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыр баарында ошол проблема,озунон да балдарыны ойлойт экенсин.
29.03.2020. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
29-01-2016
Соӊку аракети:
22-04-2020 01:21
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менда кунумдук тамагымды эсептеп олтурам бала деген аны мыны жегиси келеткен балдарды алдап акча болсун алып берем азыр оруу баркен эшикке чыгалбай жатабыз жумуш болсун алып берем деп эптеп кунумдук жашоо отуп жатат торт балам бар окмот жардам кылса болотле жок дегенде жолок акча берсе жакшы болмок кварплат бериш керек свет толош керек эхххх
29.03.2020. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
19-10-2010
Соӊку аракети:
05-06-2020 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гумжардаиы деле башында берилген экен ,ошол боюнча токтогон
29.03.2020. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
10-12-2018
Соӊку аракети:
05-06-2020 23:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош шаары,алай району.
+3
Мамлекет ар Бир уй булоого жардам берсин
29.03.2020. 19:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
29-05-2020 11:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+7
Мамлекетинер жарды болсо ар бир уй булоого кантип жардам берет. Кучтуу америка деле барын камсыз кыла албайбыз деп карантинди ачкан атпайбы. Тушунуу мн кабыл алып экономдоп жашап тургула кыйын кырдаалда. Калктын аялуу катмарына жардам берет да. Батырак эле бутсун. Кр кризиске кабылат го эч ким иштебесе.
29.03.2020. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
02-05-2020 22:23
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх карапайым Эл эле кыйналмак болду. эшик такылдатып контролёр дейт гоо. Эч унутбай толомдорду алып жатат мамлекет.
29.03.2020. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
05-06-2020 22:05
Жынысы:
Белгисиз
+6
Таенебиз айтат илгери Үркүндүн убагында бир кесим нанды ошол жердеки кишилердин баары бөлүп жешип, кыр ашышчу экен деп. Андан кийин согуштун убагында бир ууч буудай берип ошону менен, жаргылчакта тартып талкан көөлөп, эптеп өзөк жалгачубуз деп, чыдайлык, азыр ал кездекиге караганда сонун эле жашоо
Aikaaaa түзөттү 2020-03-29 20:56:18
29.03.2020. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
27-05-2020 17:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aikaaaa,ал кезде элде ынтымак болгон! Азыр болсо элден пейил кеткен! Ошондуктан коом өнүкпөйт!
30.03.2020. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
06-06-2020 00:31
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир нерсе болсо эле мамлекет жардам бербейт деп арызданган кээ бир адамдарга тушунбойм. Силерди эмне мамлекет коп балалуу бол дедиби. Атайын медпункттарда акчасы жокторго деп спираль, резинкаларды бекер берет сактангыла, алынарга жараша торогуло. Силер эмне мамлекетке бир кун бекер иштеп бердинерби. Бекер окутуп атса да арызданабыз акча чогултуп жатат ремонтто, мугалимге подарка деп алып атышат дейбиз. Алар деле мамлекетке контракт толоп окуп анан диплом алып иштеп атышат.
31.03.2020. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
04-05-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
sirenaaaaa, резинка спиральдарды бекер каерден алса болот?
30.03.2020. 23:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
06-06-2020 00:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефондорун жаза кеткиле да. Жардам берчүлөр чыгат арабыздан эле.
31.03.2020. 09:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
04-05-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
TIMON_BERKOWITZ,акча которгондо банкка баралбайсыз. Гумпомощ 1 даана картошка 2.5кг ун 1даана пияз 0.7 л май тийди ар бий тутун уйго РАХМАТ ошол болсо да
31.03.2020. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
04-05-2020 00:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
Ташиевден 2 лепешка,Торобаевден 1 кг гуруч 250г шекер 4кг ун, Раим Милиондон 14 кг ун 0.7 л май тийди бизге Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
145163;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: