реклама
super.kg logo

Стамбулда жасалма арактан 53 адам көз жумду. Алар коронавирустан айыгам деп ичишкен

 
Стамбулда жасалма аракка ууланып, 53 жаран каза болду, дагы 15 киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, уулангандар Түркмөнстандын жарандары болгон. Ооруканага жаткырылгандардын айрымдарынын абалы оор.

19-мартта Түркияда түркмөнстандыктар ууланганы белгилүү болгон. Түрк телеканалдары жасалма арак ичип дароо 15 киши көз жумганын, алардын көпчүлүгү Түркмөнстандын жарандары экенин кабарлаган. 60тай киши Стамбулдун ооруканаларында жатканы, көпчүлүгүнүн абалы оор экени маалым болгон.

Уулангандар жасалма аракты коронавирустан сактануу үчүн колдонушкан. Үй шартында арак жасаган деген шек менен 11 адам кармалган. Тинтүү учурунда алардан көп өлчөмдөгү жасалма арак, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган.

Буга чейин Иранда коронавирустан коргонуу максатында метил спиртин ичип, тургундар ууланып каза болгон.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алкоголдук ичимдиктер коронавирустан коргобой тургандыгын расмий маалымдаган.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.03.2020. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
457
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арак каронавирустан сактабай турганын биздин жарандар да билишсе экен! Арак каронавирусту да өлтүрүп өзүңдү да өлтүрөт экен.
Samatalibei түзөттү 2020-03-29 11:16:48
29.03.2020. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
31-05-2020 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларда опыт жок да
29.03.2020. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1138
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
31-05-2020 22:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арактары жакшы эмес
29.03.2020. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
08-03-2019
Соӊку аракети:
21-04-2020 00:20
Жынысы:
Белгисиз
-1
aerforce,А эмне арактын жакшысыда болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144774;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: