super.kg logo

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Дүң соодагерлерге кампаларга барууга уруксат беришибиз керек"

 

Жарандардын коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керек. Бул маанилүү, ансыз коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчыга ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаадагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

«Киргизилген тыюу салуулар бардык жарандарга белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатат. Бирок бул убактылуу чектөөлөр жана өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн зарыл. Өзгөчө режим абалы киргизилген шаарлардын жана райондордун калкы киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, белгиленген эрежерлерди сактап башташты. Комендатуранын жана кээ бир мамлекеттик органдардын ишинде системдүү айрым бир кемчиликтер бар. Аларды мүмкүн болушунча ыкчам четтетүү керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурдурду.

«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгон болбойт. Ошондуктан Бишкек шаарынын комендатурасы мындай фактыларды аныктап, тартип бузуучуларды өзгөчө абал маалында мыйзамга ылайык жазалоого тийиш. Ошону менен бирге дагы бир ирет белгилей кетсем, бүгүнкү күнү азык-түлүк продуктулары жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатышат», - деп ишендирди өкмөт башчы.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.03.2020. 20:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
776
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 09:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыбыз карантиндин шарттарын бекем сактасак, айтылган мыйзамдарга баш ийсек баары жакшы болот.
28.03.2020. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
06-12-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 11:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде азыр биз өз алдыбызча изоляциянып сактанбасак, мындай стрессте биз өтө узак болобуз. Коңшуларыбыз менен болгон чегараларыбыз ачылбайт, бизнес ишин кайра баштабайт, жумуш болбойт… өзүбүз, жакындарыбыз катуу кыйналабыз!
28.03.2020. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
460
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
29-05-2020 17:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйдон чыкпагыла карантиндин эрежелерин сактагыла
28.03.2020. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 05:54
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкек мейли борбор, мен Баткенден болом, дыйкандар не кылсын урматтуу окмот башчы? Куздо не кылабыз? Жеке менин тиричилигим ушул дыйканчылык менен жерим болгону 36сотых уй-булом 10кишиден турат, бак тиккенге кочот коп бирок алып келгени болбойт бул кочот деген карантинди кутпойт экен, сураныч тез арада ушул жагын да чечип бериниздер
29.03.2020. 07:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
31-05-2020 00:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда сатып алган товарлардын запасы түгөндү. Дүң соодагерлердин кампалары жабык болгон үчүн товарлардын баасы көтөрүлдү, мурда 1 л май 75-76 болсо баасы, азыр ошол майларды 90 дон алып сатып жатабыз. Эртереек чара көрбөсөңүздөр болбойт, эл үчүн бул баа кымбат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144731;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: