реклама
super.kg logo

"Так талашуу оюну" сериалындагы актёр Кристофер Хивью коронавирус жуктурганы аныкталды

 
"Так талашуу оюну" сериалында Тормунддун ролун жараткан актёр Кристофер Хивью коронавирус жуктурганы маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Так талашуу оюну" сериалында Тормунддун ролун жараткан норвегиялык актёр Кристофер Хивью коронавирус жуктуруп алды. Учурда ал үй-бүлөсү менен үй изоляциясында кармалмакчы. "Тилекке каршы, коронавирус жуктурганым аныкталды. Биздин абалыбыз жакшы, менде сасык тумоонун жеңил белгилери гана бар. Эми үй-бүлөм менен канча керек болсо, ошончо үй изоляциясында болобуз" деп жазган актёр Инстаграм баракчасына. Ошондой эле актёр баарына сак болууну жана вирусту жайылтпоого болгон аракетин жумшоону суранган.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: