реклама
super.kg logo

Маршруткадан кичинекей баласы бар жүргүнчү аялды түшүрүп салды деген айдоочу үн катты

 

Кечээ, 6-мартта социалдык тармактарда баласы жана коляска менен түшкөн жүргүнчү аялды түшүрүп салган маршрутканын айдоочусу талкууга түшкөн. Окуянын видеосун күбөлөр тартып алган жана алардын айтымында чыр колясканын айынан келип чыккан. Видео социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин мэриядан аталган айдоочу 185-маршруттук линиянын айдоочусу болгонун жана ал иликтөө жүргүчө убактылуу жумуштан четтетилгенин билдиришкен.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы чындыгын угуу үчүн 185-маршрутканын айдоочусуна байланышты. Бирок ал аты-жөнү сыр бойдон калуу шарты менен маек берүүгө макул болду.

Айдоочунун айтымында, коляскасы менен түштү деген жүргүнчү аял жалгыз болгон эмес жана чыр такыр башка себептен улам келип чыккан.

"Окуя тууралуу айта кетсем, ал 5-мартта "Дордой" базарындагы мечиттин жанындагы аялдамада орун алган. Болжол менен кечки саат 17:00дө маршруткага эки-үч жүргүнчү түшкөн. Менин түшүнүгүм боюнча алар келини, кайненеси, болжол менен 15 жаштагы баласы жана бир кичинекей баласы менен чогуу түшкөн. Кайненеси кичинекей баланы алып орундукка отурган, ал эми келин туруп турган. Бир маалда салондо жүргүнчүлөр арасында кайым айтышуу башталды. Көрсө коляскасы менен турган келин тыгындан улам, башка бир жүргүнчүнүн көйнөгүн булгап алыптыр.

Алгач ошентип бири-бири менен урушуп башташты. Алардын айынан жүрө албай 10 мүнөттөн ашык туруп калдык. Артта турган унаалар сигнал берип, салондогу кардарлар арасында дагы нааразычылык жаралды. Билесиздер "Дордойдун" ал көчөсү тар. Тыгын пайда болуп, жүрбөй токтоп калганда баарынын шаштысы кете баштады. Анан мен киришүүгө мажбур болдум. Болбосо социалдык тармактарда айтып жатышкандай мен "бир коляска орун ээлеп жатат" деп балалуу келинди кантип эле түшүрүп салайын? Менин деле балдарым бар. Аягында айлам кеткенде "эшикке чыгып урушкула" деп түшүрүш керек болду. Чыр токтобой койгондо, жерге түшүп чечишип алгыла, бизди кармабай деп айткам. Баягы келин кайненеси, балдары менен жана берки көйнөгүн булгаткан жүргүнчү дагы түшүп калды окшойт. Мен андан ары жолумду улантып кетип калгам.

Негизи чыр кишинин көптүгүнөн эле пайда болду деп ойлойм. Ал эми бул видеону бирөө арттан тартып туруп такыр башкача өңүттө берип салыптыр. Анан эле мен күнөөлүү болуп калдым. Бул окуя боюнча мэрияга барып түшүндүрмө жазып келдим. Учурда жумуштан четтетилдим. Мындай окуяга туш болгонума жаман болуп жатам. Негизи колдонуучулар бирөөнү айыптап сын-пикир жазардан мурда чын-төгүнүн билип алышса жакшы болмок. Бүгүнкү күндө күнөөсүз адамды деле туура эмес маалымат менен күнөөлүү кылып коюш оңой экенин өзүмдүн мисалымдан көрдүм", - дейт айдоочу.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(24)
07.03.2020. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
490
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
01-06-2020 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
-3
Мен эч кимге ишенбпй калгам. Куболор барбы жазгылачы не болгонун. Анан элдик сот кылабыз
08.03.2020. 01:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
457
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 23:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
al-abu-kinesz, ,Кунөө эки тарапта бар! Маршутканын айдочуусу сүттөн ак эмес күнөөсү бар! Бүгүн киевскийден 185 маршутка менен Дордой базарына барганбыз. Айдочуу мага киши жок деп, киши талашып телефондо уят жаман сөздөр менен сөгүнүп келди жүргүнчүлөргө кыйкырат катуу айдайт тормузду катуу тебет 193.185.117чи маршутканын айдочулары көөп кетишти акчаны алгандан кийин артында 15.20жүргүнчү бар экенин унутуп баратышат! Жоопкерчилик деген такыр жок! Бизде мыйзам иштебейт Интернетке чыгарыш керек!
Samatalibei түзөттү 2020-03-08 01:45:08
08.03.2020. 08:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 10:18
Жынысы:
Белгисиз
-4
Samatalibei, ээк анда жакпаса такси менен барбайсыңбы
08.03.2020. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
457
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 23:38
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aikaaaa, Кеп жакканда жакпаганда эмес! Айдочуу коомдук транспортту айдап баратканын унутпаш керек! Кишиси толбой калса ичиндеги 7.8 жүргүнчүдө эмне күнөө! Астындагы маршуттан өтөм деп бир канча жолу тобокелчилике барып катту айдап барып резка тормуз тебет. Ал каалагандай айдап уят сөздөр менен сөгүнгөнү туура эмес ал жерде улгайган апалар бар эле! 1сом тапсаң да ал сенин жумушуң Жоопкерчилик деген болуш керек! Унааны айдаганды билсең жетиштүү эмес коомдук транспортто атайын эрежелер бар!
Samatalibei түзөттү 2020-03-08 10:18:45
07.03.2020. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1006
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
01-06-2020 19:42
Жынысы:
Белгисиз
+12
Интернет, смартфон күнөөлүү балее болду болор болбосту деле тартып чыгарып жатышат.
08.03.2020. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
21-11-2012
Соӊку аракети:
10-05-2020 14:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jelezo,туура эле чыгарды. Корушсун адамдын чыныгы жузун.
07.03.2020. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
21-05-2020 13:41
Жынысы:
Белгисиз
+21
Маршурутка калеска менен тушкон озу туура эмес
07.03.2020. 20:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+8
Mina24,сенин балан барбы ? буктолгон коляска болсо эчкимге тоскоол болбойт, жеке унасы жок болсо кансин,калп эле чойрондоп кыйын болбой адамдарга тушуну менен кароо керек
07.03.2020. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
426
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
01-06-2020 22:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай куу
-2
marat_1910,досум баары сендей акылдуу эмес да
07.03.2020. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
01-06-2020 10:16
Жынысы:
Белгисиз
-5
ашыкча адам салбаш керекда
07.03.2020. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
01-06-2020 20:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
+9
Маршруткага коляска батпайт го
Автобус же траллейбус болсо бир жон
Мен коляска менен чыксам марш тушпойм
И так тыгын
07.03.2020. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
631
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
01-06-2020 23:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+14
Белгисиз маршрут деген кинодогудай бири бири менен урушса деле айдап кете бериш керек эле да.
07.03.2020. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
21-05-2020 13:41
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тыгылыш боло берет алар деле иштеп атат жон эле суйлойт десе эле суйлобош керек создун да чеги болот
07.03.2020. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
853
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушу 10 сом менен шаардын аяк башында жүрөбүз, анан да тыкпа деп коёбуз. Ал айдоочу деле оокат кылыш керек да, анын да семьясы бар, анан тыкпайын деп 10-15 өөбүздү салып алып жүрө берсинби?
Коляска менен элге ыңгайсыздык жаратпай такси менен жүрсүн.
Aikaaaa түзөттү 2020-03-07 19:53:14
07.03.2020. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
18-04-2013
Соӊку аракети:
10-03-2020 13:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тушушнуп комент жазгылачы
07.03.2020. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:28
Жынысы:
Белгисиз
+19
Маршрут айдап иштегендер айына линияга чыгуу учун 5500сом толошот. Ал 550кишинин акчасы. Анан пенсионерлер тушот 5сом берет. Озу 10-15орундук болсо, кунуго канча деген адамдар жумушка, дагы бироо ооруканага барат. Оздору тушуп алса эле болду, каяка батабыз тыгып саласынар деп суйлонушот. Кун суукта, жамгырда кочодо калсанар, ошолорду албай кетсе кандай болот экен.
07.03.2020. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
20-08-2016
Соӊку аракети:
01-06-2020 21:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Leilek_Margun
+9
Маршрутка жүк эмес Киши ташыйт. Ашыкча жүк алып чыккандар аман эле болгула
08.03.2020. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
01-06-2020 16:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Бир ажылдаган аял учун Бир Адамдын Уй булосу тамагы жок калды, он сом учун! Бир кундо канча Адамдын кыялына чыдап иштешет, озунор чыдабай жанынардагылар менен уруша кетесинер. Же мурдунарды чуйруйсунор ,"жуунуп албайбы сасыбай", " акырын суйлошпойбу", тиги бу ....деп. Бир шаг откоруп токтотосунар, Бир остановка баскандан эринип. Биздин каприздерге жакшы эле чыдашат байкуш айдоочулар. Анан ушинтесинер ызы чуу кылып.
08.03.2020. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
02-06-2020 00:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
vikidiki, анан уялбай айткан жеринен токтотпой койсо мен толоп жатам дегеничи
08.03.2020. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
20-11-2019
Соӊку аракети:
01-06-2020 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак иштеп адал эмгек кылганга үйрөнөлүчү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144851;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: