реклама
super.kg logo

"Таланттуу балдарды тарбиялап келем, бирок арасында Жаныбек жок". "Шорпо" каймана аты менен таанымал болгон Жаныбек Алыкуловду кесиптештери эскерет

 

"Шорпо" каймана аты менен таанымал болгон куудул, пародист жана ырчы Жаныбек Алыкулов тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. 3-мартта маркумдун жаркын элесине арналган куудулдардын эскерүү кечеси орун алды.

Кыргыз Эл артисти Келдибек Ниязов Жаныбек Алыкулов менен иштешкен күндөрү, кызыктуу окуялары тууралуу айтып, бардык жагынан төп келген киши болгон деп эскерди.

Куудул Кубан Алимов элге бирдей жаккан Жаныбек Алыкуловду төрөгөн апабызга рахмат деп ыраазычылыгын билдирүү менен эскерди. Куудул сахнада турган Манас Алыкуловго тийишип "сен бешикте жатканыңда жайыраак терметип коюптурмун толук болуп калыпсың, катуураак терметсем болмок" деп элди бырк эттирди.

Кечеде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева менен Манас Алыкулов дуэт аткарышты. Чыгарма жаңыргандан кийин ырчы "жакшы адам эки жашайт дейт, Жаныбек акемдин уулдары бар, ал дагы деле жашап жатат" деди.



Куудул Рахман Разыков: "Мен концерт бергенде залдын жарымы эле толгон. Бүгүн зал толуп турат. Зал толо эл келиш үчүн сөзсүз каза болуш керекпи?" - деген тамаша менен кеп баштады.
"Жаныбек Алыкулов кыргыз, орус тилиндеги сатираларды жетесине жеткирчү. Таланты бар балдарды тарбиялап келем, бирок арасында Жаныбек жок. Манас (ред.: Алыкулов) баламдан атасынын стилин көрүп кубанып калам", - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абдылда Иманкулов "досумду күлкү менен эскерейин деп чечтим, атайын келсеңер күлдүрбөй койсом таарынмаксыңар" деп пародия аткарып берди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков чыгармасын аткарып көшөгө артына кеткенине карабай эл токтоосуз кол чабуулары менен сахнага кайтып келүүсүн суранышты. Экинчи ирет сахнага чыккан ырчы мигранттарга арналган чыгармасын аткарып берди. Ал алгачкы концерттик турнесинде Жаныбек Алыкулов алып баруучулукту аркалаганын эскерди.
"Жаныбек Алыкулов көкүрөк күчүгү Гүлжигитти аябай жакшы көрчү. Балам бул жакта футбол ойнойт, баланча жакка барат дечү. Ал эми Манасты чүчпара балам дечү".

Эскерүү кечесине Кыргыз Эл артисттери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, Жаныбек Алыкуловдун устаттары, шакирттери жана кесиптештери келишти. Алар: Абидин Темиров, Абдылда Иманкулов, Алтынай Нарбаева, Болот Токтобаев, Борончу Кудайбергенов, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Сатыбеков, Жамбыл Камчиев, Жакут Сыдыков, Ильяс Агыбай уулу, Келдибек Ниязов, Кубан Алимов, Кубик Калыков, Рахман Разыков, "Беш тапан" куудулдар тобу жана "Музаман" тобу.



"Ата, биздин ийгиликтерди көрсөң болмок" Жаныбек Алыкуловду эскерүү концертинен репортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140543;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: