реклама
super.kg logo

ИИМ: "Курсан Асанов Кой-Ташка өз убагында барбай достору менен жолукканы текшерүүдө аныкталды"

 

Ички иштер министрлиги Кой-Таш окуясы боюнча Курсан Асановдун: "Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жогору жактан буйрук күтүп отурган эмесмин. Мага элимдин тынчтыгы керек болчу" деген билдирүүсүнө карата жооп кайтарды.

ИИМдин билдирүүсү өзгөртүүсүз берилет.

"2019-жылдын 7-август күнү саат 20:00дө нөөмөт бөлүмгө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынын жогорку бөлүгүндө атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол убакта ички иштер министри жана анын орун басары Солтон-Сарыдагы окуя боюнча Нарын облусунда, экинчи орун басары Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюму боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чарада жүрүшкөн.

Жогорудагы билдирүү түшкөндөн кийин нөөмөткер министрдин орун басары Курсан Асановго маалымдаган. Асанов ИИМдин ченемдик-укуктук актыларына ылайык окуя болгон жерге барып, ыкчам кырдаалды баалап, түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымдоо менен күчтөрдү жана каражаттарды санап, өздүк курамдын экипировкасын камсыздап, иш-аракеттерди көрүш керек болчу. Ал ИИМдин жетекчилигинин жана өкмөттүн бир канча чалууларына окуя болгон жерде жүргөндүгү жана өздүк курамды жетектеп жаткандыгы тууралуу жалган айткан.

Бирок жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, андан сырткары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Курсан Асанов ошол күнү 20:00дөн 21:20га чейин "Пинара" мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып жаткандыгы уюлдук телефонун текшерүүгө алганда аныкталган. Министрдин орун басары саат 21:28де Кой-Таш айылынан 5 чакырым алыс аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылынын жолунда жүргөн ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Бишкек ШИИББинин өз алдынча кызматтарынын өздүк курамына барган. Окуя болгон жерге келген Асанов ыкчам кырдаалды баалабай, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин көргөн эмес".

Эгерде Курсан Асанов Кой-Ташка 21:28де эмес өз убагында, башкача айтканда, ага нөөмөт бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөндө саат 20:00дө угаар менен келген болсо, кырсыктар болбой, тактап айтканда, Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов жана башка анын жанында жүргөн кызматкерлер денесинен ар кандай жаракаттарды алышмак эместигин кошумчалайт мекемеден.

"Курсан Асанов өз убагында зарыл болгон бардык чараларды көрбөгөндүктөн, чечимдерди кабыл алууда убакытты созгондугунан Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтары топтолуп, милиция кызматкерлеринин иш аракеттерине тоскоолдук жаратышкан. Мындан улам "Альфа" кызматкерлерин барымтага алынуусуна, ок атуучу куралдарды тартып алууга мүмкүндүк жаралып, жарандардын, укук коргоочулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтар жаралган. Мунун баары ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Бишкек ШИИББинин бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин көрсөтмөлөрүндө тастыкталат.

Ички иштер министри Нарын облусунан Кой-Таш айылына 01:00дө келгенден кийин гана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коопсуз жайга алып кетүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жогорудагы аталган жагдайлар жана себептер жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жана сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталган.

Ошондой эле Асанов өз билдирүүсүндө Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткаргандыгын айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Сотко чейинки өндүрүш боюнча бардык аракеттер тергөө тапшырмасы менен ишке ашырылат жана муну аткарууну ага эч ким тапшырган эмес. Мунун негизинде ал өзүнүн билбестигин көрсөтүп, жазык-процесстик мыйзамынын элементардык нормаларын билбегендигин тастыктоодо. Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү жөнүндө тапшырманы ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетүү керек", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
02.03.2020. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+15
Анын 2 жаны барбы нарындан келип тамактандыда
02.03.2020. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
382
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 22:44
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул жерде просто коро албастык эле болтат Койташта К.Асановдун рейтинги абдан жогорулап кетти ошого Кашкардын ичи куйуп срочно Сооронго арызданып Асановду иштен алдырды ошол эле
02.03.2020. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
348
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушунча жылдан бери процесстерди билип, иштерин так аткарып журуп эле, ошол куну билбей калыптырбы. Эл билет кимдин эмгеги канчалык экенин
02.03.2020. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
25-05-2020 15:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анда эмне элементарный нерсе ок атылган куралдарды да билбей кармап алдыбы.Же анын экспертизадан оторун да билген жокпу.Балким боссунун кылмышын жаап жашыруу болуп журбосун кызыл пакеттин акысына.
02.03.2020. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иий куйдургулор, ИИМ, УКМК силер оз ишинерди укмуш сонун билесинер го ойунарда
03.03.2020. 07:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
756
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
25-05-2020 12:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоо кеткенден кийин баатыр коп! 7-август куну ГКНБ абалды контролдон чыгарып жиберип оздору пленге тушуп калды го. Натыйжада бир офицер каза болуп бир офицер майып болуп калды. Ага ким жооп берет?
03.03.2020. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 22:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын кырдаал болсо Асановду жонотосунор анан медалды озунор алганар келет.Ош коогаланында комендант,Атамбаевди да Асанов кармады анан кайра Ким жаман Асанов жаманбы.элге силер Ким жаман Ким жакшы Ким жалган суйлоду Ким чын суйлоду айтпай эле койгула Эл баарын билет
04.03.2020. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-01-2011
Соӊку аракети:
07-03-2020 17:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсандын куралдарды туш келди кармалап, бармак издерди очургондо тян бергем!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: