super.kg logo

Жүк ташыган учактарды 25 жылдан ашкандан кийин колдонууга тыюу салынды

 

Чыгарылган күнүнөн тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин (жүк ташуучу учак) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү аба кемелерин чыгарылган датасына карата чектөө жана ага байланыштуу колдонуу мөөнөтү кайра каралып чыкты.

Документ жарандык авиацияны өнүктүрүү, республиканын аймактарынын калкына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды", - дейт мекеменин маалымат кызматынан.

Бул чечим аба кемелери тарабынан жүргүзүлгөн өлкөнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатып, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүнү шарттайт.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, чыгарылган күнүнөн тартып 50 жылдан ашпаган, коммерциялык жүк ташууларга арналган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө;

Чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашкан жүк ташуучу аба кемелерин эксплуатациялоого;

Чыгарылган датасынан тартып 40 жылдан ашкан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.

Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык учууга жараксыз болгон, акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: