реклама
super.kg logo

Өлкөдө коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулду

 

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирусту алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.

Анда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулуп, вируска шектелген адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн 964 орун даярдалганын айтты.

Вице-премьер-министр коронавирусту алдын алуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө чараларын көрүү максатында, премьер-министр башында турган республикалык штаб жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында ыкчам топ түзүлгөнүн билдирди. "Дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктары жетиштүү. Кырдаалдын создугуп кетүү тобокелчилигин эске алып, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди Алтынай Өмүрбекова.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2020. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
23-03-2020 22:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно
+3
Силердин бул даярдык бир тыйын, тигине өнүккөн өлкөлөр өлүп жатат, кудай сактасын бизде болуп калчу болсо охоооо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140543;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: