super.kg logo

Чамдаңыз! Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы сынак жарыялайт

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы квалификациялык талаптарга ылайык, офицердик курамдагы кызматка сынак жарыялайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Жогорку билимдүү;
  • Аскердик же альтернативдик (үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу) кызмат өтөгөн, кыздарга бул талап тиешелүү эмес;
  • Жаш курагы 19дан 35 жашка чейин;
  • Эркектердин бою 165 сантиметрден жогору, ал эми кыздардыкы 160 сантиметрден жогору болуусу шарт.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер 20-мартка чейин төмөндөгүдөй документтерин тапшыруусу зарыл:

- өз атынан арыз;

- кадрлардын учёту боюнча кагаз;

- өмүр баян;

- өмүр баяндын рефераты;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

- дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

- аскердик билет;

- паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- 9х12 (1 даана) жана 3х4 өлчөмүндөгү (4 даана) сүрөт;

- 3төн кем эмес сунуштама каты;

- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгерде балдары бар болсо), нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде никеде турса);

- ЖАМКга кызмат өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө аскердик-дарыгерлик комиссиянын медициналык аныктамасы.

Сынак үч этап менен өтөт:

Биринчи этап - физикалык даярдык, экинчи этап - тестирлөө ал эми үчүнчү этап - талапкер менен баарлашуу.

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутумунда кызмат өтөө шарттары:

  • Ардактуу эс алууга жеңилдетилген түрдө чыгуу (кызматтагы 1 күн 1 жарым күнгө тете эсептелинет);
  • Айлык акы кызматтагы жылына жараша 15000 сомдон башталат;
  • Кызматка орношору менен атайын чинге ээ болот.

Документтерди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрдык башкаруу кызматы кабыл алат.

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү. Байланыш телефону: 312 43 84 60, 43 82 10.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
21.02.2020. 17:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
04-03-2020 11:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Работает рабы!Айлыкка эмес озуно иштеш керек!
21.02.2020. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
26-09-2020 21:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно
+2
Azatbek.Svoboda.,мен айлыкка иштейм. Акча керек мага.
21.02.2020. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
26-09-2020 21:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно
0
Айлыгы канча болду экен?
21.02.2020. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
434
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
05-12-2020 22:52
Жынысы:
Белгисиз
0
15000 миң сом айлыка бош жүргөн адам барып иштебесе жол киреңен ашпайтко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156487;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: