super.kg logo

Келечектин SIM-картасы. O!Store дүкөндөрүнөн eSIM-картасын бүгүн барып кошуп алсаңыз болот!

 

О! Мобилдик оператору eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрү бар абоненттерди инновациялык технологияларды кошуп алууга жана анын бардык артыкчылыктарын сезүүгө чакырат!

eSIM деген эмне?

eSIM (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – бул түзүлүштүн ичиндеги SIM-картасынын виртуалдык профили. Аны чыгарып салса дагы, өчүрсө дагы болбойт.

eSIM-картанын артыкчылыктары:

  • eSIM-картанын функционалын бир нече номерлери бар абоненттер толук баалай алышат – бул жаңылык эки смартфон көтөрүү муктаждыгынан арылтат. Мында абонент SIM-картанын форматы (mini, micro, nano) тууралуу кабатырланбайт;
  • Бул технология Internet of Things (Буюмдардын интернети), трекер-түзүлүштөр, ноутбуктар, ошондой эле “акылдуу үйлөрдүн” компоненттери деп аталган (сигнализация, датчиктер, видеокамералар, үй-тиричилик техникасы ж.б.) үчүн да келечектүү;
  • Эң башкы артыкчылыктарынын бири – смартфондордун ээлери үчүн коопсуздук болуп саналат – түзүлүш уурдалып кеткен учурда түзүлүштү кайрадан ишке киргизүү процесси татаалданат. Виртуалдык SIM картанын ээси гана түзүлүшкө жаңы профилди жүктөп, эски профилин өчүрө алат. Эгерде смартфонду уурдап кетишсе, кылмышкер үчүн анын баалуулугу жоголот. Телефондон eSIM-карта чыгарылбайт, андыктан түзүлүштү өз максаттарына колдонууга мүмкүн болбойт.

Колдонуу жагынан алып караганда, eSIM-карта кадимки SIM-картадан эч нерсеси менен айырмаланбайт.

Максим Сидоренко, О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору:

- Apple компаниясынын расмий релизинен кийин бир жыл өтүп, өтпөй кыргызстандыктарга жапжаңы технологиянын жеткиликтүү болуп жаткандыгы бизди шыктандырат. Бул технологиянын жакынкы айларда эле Apple, Samsung, көп өтпөй башка бренддердин флагмандык смартфондорунун стандарты болуп каларында шек жок. Бүгүнкү күндө бул кызматты дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекеттеринде көрсөтүп жатышат.

Азырынча сиздерде О! түйүнүнүн жаңы технология менен көрсөтүлүп жаткан кызматтарынын артыкчылыктарынан пайдаланып көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды. eSIM-картаны колдонууда биз эң алгач кардарларыбыз үчүн ыңгайлуулукту, ошону менен бирге акылдуу үйлөр, шаарлар жана жалпы эле санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча алып караганда, бүт тармактын өнүгүүсүнүн сапаттуу импульсун көрүп жатабыз.

eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрдүн моделдери:

  • iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max;
  • Google Pixel 3, 4;
  • Samsung, Huawei компанияларынын eSIM менен иштеген Smart сааты;
  • iPad Air 3, iPad mini 5, iPad Pro (үчүнчү версия), LTE менен иштеген моделдердин версиялары;
  • Microsoft Surface Pro 5 жана 6.

eSIM-картасын кантип колдонсо болот?

Каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңсесине же O!Store дүкөнүнө келип, түзүлүштүн ырастоолорунда eSIM-картаны активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодун алып кетүү керек. Мындай активдештирүүнүн баасы – бардык салыктарды эсепке алуу менен 100 сом. Эгерде сиздин түзүлүш eSIM-карта менен иштей турган болсо, анда сиз өзүңүздүн учурда колдонуп жаткан О! номериңизди кадимки SIM-картанын ордуна eSIM-картага алмаштырып алсаңыз болот.

Кененирээк маалымат o.kg сайтында.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
20.02.2020. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
28-11-2020 23:30
Жынысы:
Белгисиз
0
1 телефондо 2 сим карта бар.Экоону тен кошуп алса болот бекен?
20.02.2020. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
12-07-2017
Соӊку аракети:
26-11-2020 17:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Adil18, саламатсызбы.

Суроонузга рахмат. Эми eSIM менен учунчу номерди кошсо болот. Кененирээк ушул ссылка аркылуу биле аласыз: https://o.kg/kg/chastnym-klientam/support/esim/

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
20.02.2020. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
28-11-2020 23:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Okgmobile,
Рахмат!
22.02.2020. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
28-05-2015
Соӊку аракети:
29-11-2020 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Adil18,
21.02.2020. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1222
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
29-11-2020 23:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча суйлобойт жазбайт дейбизда кыргызча окуй албайбыз аран тушундум чынында,)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: