реклама
super.kg logo

"Акчаңды көбөйтүп берем". Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, 45 жаштагы аял кармалды. Анын 17 ишке катыштыгы бар экени аныкталганын Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 21-январында Октябрь РИИБине Т.Ж. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылып, чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда 2017-жылдын февраль айында Бишкектеги кеңселердин биринде шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип "Мега Трейд" каржы пирамидасы аркылуу каражатын көбөйтүп берем деп 420 миң сом акчасын алган. Андан кийин убадасын аткарбай, изин жашырып качып жүргөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип, 1974-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган аялдын 17 кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат", - деди маалымат кызматынан.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же кошумча маалымат билсе милиция кызматкерлерине байланышып коюну өтүнөт.

Байланыш номерлери: ‭0(709) 249-900, 0(700) 669-664, 0(552) 777-784 же 102.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.02.2020. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
01-04-2020 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
420мин эмес,420сомду бироого ишенип беруу кыйын.420сомду кантип берди экен
18.02.2020. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
01-04-2020 11:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул аял качае эле кармалбады беле, кайра чыгарып салдынар беле
18.02.2020. 19:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
277
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
01-04-2020 11:27
Жынысы:
Белгисиз
0
gulya583,айиий демейинче чыгара берета
18.02.2020. 21:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
01-04-2020 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган айтпасам, уурулуккка же ушуга окшош кылмышка шектелип аял кармалды деп, дал ушул аялдын суротун коргом илгери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140306;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: