реклама
super.kg logo

Өкмөт: "Адистер балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында үйлөрдү кыдырууда"

 

Бардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү үйлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу өкмөттүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат. Райондук штабдардын мүчөлөрү мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген. Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Базадагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү тармактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде бар. Ар бир мамлекеттик орган бала кандай жардамга муктаж экенин дароо аныктайт.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.02.2020. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
07-04-2020 18:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдын ала түшүндүрүү иштери жүрсө көп пайда берет. Бир эле учурда эмес 3 ай сайын ушундай түшүндүрүу иштерин жүргүзүп туруу зарыл.
14.02.2020. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
612
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
06-04-2020 23:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жылдагы окмоттун балдарга конул богону жакшы. Анткени буга чейин урой учурган окуялар катталып жатат. Балдар уяда эмнени корсо учканда ошону алат. Андыктан балдарга камкор болуп,билим алуусуна шарт тузуубуз керек.
15.02.2020. 02:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 22:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана айсы райондо болуп жатат.так маалымат барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: