реклама
super.kg logo

Продюсер Канат Кадыржандын көзү операцияга муктаж. "Алыстан адамдарды көрбөй, ыңгайсыз болуп жатам" дейт ал

 

Учурдагы кыргыз эстрадасындагы популярдуу ырчылар Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматовдорду чыгармачылыкка аралаштырып, сахнага алып чыккан продюсер Канат Кадыржан ден соолугунда маселелер жаралып жатканын социалдык баракчасына жазды.

"Бардык тааныштарга айтарым, кокустан сизди көрүп учураша албай калсам, кечирим сурайм. Анткени алысты жана караңгылыкта көрбөй калып жатам. Диагноз сүрөттөгүдөй чыккан. Аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн көзүмдөн жаш агып турат. Бардык дарыларды колдонуп көрдүм. Жыйынтык болбоду. Көздү операция кылганга шашылыш түрдө колунда бар, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайм. Балким, клиника же дарыгер сунуштайсыз... Ашказан ооруйт (диетадамын) каным аз, кээде көңүл айланып калат. Ал нерсени колдон келишинче дарылап жатам. Ушуга дагы Кудайга шүгүр кылам. Кудайымдан жардам сурайм. Дуба кылып коюңуздарчы", - деп жазган ал.

Билдирүүсү тууралуу продюсер SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Негизи көзүм менен алышып жатканыма 5-6 жыл болду. Офтальмологдор жазып берген дарылардын баарын колдонуп көрдүм, жардам бербей келет. Бул билдирүүнү деле аргасыз жаздым. Анткени алысты жакшы көрбөй жатканыма байланыштуу жумуш учурунда кесиптештерди көрбөй, тааныбай, ыңгайсыз абалда калып жатам. Аларга абалымды түшүндүрсөм кээ бири түшүнөт, айрымдары туура түшүнбөй калышы мүмкүн. Анан ар бирине көзүм ооруйт, көрбөй жатат деп да айтып чыга албайт экем. Учурда көрүүм -7 болуп, түрк офтальмологдору көзүмө операция жасатыш керек деп айтышты. Ошондуктан социалдык баракчама жазууга туура келди.

Мен радиодо 9-класстан бери ди-джей болуп эмгектенип, акыркы жылдары ден соолугума байланыштуу иштебей калгам. Кээде кечке компьютерде отуруп иштегенимдин таасири болуп калдыбы деп ойлоп калам. Акыркы жылдары ашказаным да ооруп, аябай арыктап кеттим. Ошону ойлонуп отуруп оорум да күчөп кетти окшойт", - дейт продюсер.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.02.2020. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
01-04-2020 19:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+12
Аллах шыпаасын берсин.
14.02.2020. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
01-04-2020 09:08
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенирим элибизге ден соолук берсин.
14.02.2020. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
01-04-2020 18:49
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайрымдуулук концерт бериш керек дегендей соз го. Биринчи Аллахым шыпаасын берсин жап-жаш элесин ооруба убагында даарылан. Мин жылдыз чыгарсан да денсоолукту капа кылба досум.
14.02.2020. 23:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-01-2020
Соӊку аракети:
01-04-2020 11:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым Ден соолугунду берсин тез сакайып кет.
15.02.2020. 01:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
15-06-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 03:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Менин деле көзүм -11 узакты көрбөйм. очки м-н жүрөм 10 жылдан бери очким 150 доллардык. Операция 1500 доллардай экен бирок . Мен дагы кыйналганмын көп узакты көрбөй тааныштар саламдашса саламдашпай өтүп кеткен убакыттар болду.бирок баарыны көз айнек чечти Кудайга шүгүр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140306;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: