реклама
super.kg logo

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы британиялык 16-эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

 

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы британиялык беделдүү кинофестивалда көрсөтүлмөкчү. Фестиваль тууралуу режиссёр SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Жөө күлүк" тасмасы Улуу Британиянын алдыңкы эл аралык кинофестивалдарынын биринде көрсөтүлмөкчү. 16-эл аралык кинофестиваль Шотландиянын Глазго шаарында өтүп, тасмабыз «Pioneer» программасынын алкагында көрсөтүлөт. Аталган категорияда Италия, Бельгия, Дания, Чехия, Испания, АКШ, Франция, Польша, Германия жана башка өлкөлөрдөн 38 тасма элге тартууланат. "Жөө күлүк" тасмасы фестивалда 5-6-март күндөрү презентацияланат", - деп билдирди режиссёр.

Белгилей кетсек, Мирлан Абдыкалыковдун аталган тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалга катышып келген. Ошондой эле тасма Пусан эл аралык кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140543;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: