реклама
super.kg logo

"Уул, келиндеримден кордук көрдүм" деген эненин балдары коомчулукка кайрылуу жасашты. Алар журналисттерге нааразы

 

Буга чейин интернет тармагына жашы 70ке таяп калган апанын видеосу тараган. Видеодо улгайган эне өзүнүн балдары менен соттошконун, сот анын үйүн өзүнө өткөрүп бергенин айткан. Мындан тышкары, ал балдарынан жана келиндеринен кордук көрүп, алар кол көтөрүп жүрүшкөнүн айткан.

Желдей тараган бул видеонун алдына ар түрдүү комментарийлер жазылып, көпчүлүк балдарына наалат айтышкан болчу. Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарына караган Тайгараев айылында айыл элинин жыйналышы өттү. Жыйналыштагы видеону журналист Жумагүл Шайыкова жарыялады.

Ага ылайык, мени өз балдарым кордоп келди деген эненин 2 уулу, 1 кызы көпчүлүккө кайрылып, абалды эки тараптуу кароого чакырган. Алар апасына кол көтөрүшпөгөнүн, апасы өзү үйдө жашаганды каалабай башка жактарга кетип калып жатканын айтып чыгышты.

SUPER.KG порталы Тайгараев айылынын башчысына байланышканыбызда маалыматтарды тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

"Бир тараптуу берилген маалыматтын айынан ал апанын балдары моралдык катуу сокку алды. Азыр бул видеону тараткан журналисттердин үстүнөн арыз жазабыз деп жүрүшөт. Апанын көзү ачыктык жайы бар, ооруларды көрөт, өзүнүн иши менен көп жерде жүрөт. Жарым жылда бир үйдө катуу чатак чыгарып турмай жайы бар дешет балдары, эми алардын ич-ара чыры сыртка чыгып кетти. Бирок журналисттер мындай маселеде кылдат болуш керек болчу. Балдар деле апасын үйүндө бакканга аракет кылышат, бирок өзү кээде ага көнбөй коёт. Бүгүн жыйналышка чакырсак келген жок, чогулган эл шаарга эне менен жолугуп, анын да пикирин укканы кетишти", - деди ал.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
13.02.2020. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
21-02-2020 09:22
Жынысы:
Белгисиз
+11
мен видеону корорум менен эле кемпирден кетти го деп ойлогом
13.02.2020. 19:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
280
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир келин начар болсо, сабады десе ишенем. Анан баары эле, кызым да, уулдарым да сабайт, урушат, кууп чыгат десе кантип эле дейсиң да. Мен да ушул кемпирде бар го деп ойлоп койгом
13.02.2020. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
683
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
29-03-2020 10:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+8
Мен тааныйм,бул кемпирге жин кирсе керек,Бурул бакшы деген аты бар.Балдары кыздары аябай жакшы адамдар.
13.02.2020. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
486
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
29-03-2020 08:15
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ishenbedim kantip but baldary urup sogup kalsyn, kalp aityp koidugo apa, psihologko korsotush kerek
13.02.2020. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кордук көргөндөй түрү жок жок го,килтейип семиз экен
14.02.2020. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
29-03-2020 12:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кептин баары келиндерде. Апага акырын кылыктарын корсотуп, куйоолоруно жамандап коюп олумуш болуп отуруп калган келиндер бар. Башка баласынын уйуно барып бир ай жашап коруптур. Ошол жерин уксанар. Окунучтуу, аябай окунучтуу. Келиндери балдарына жамандай берип балдары мерез болуп калгандай корунуп атат.
14.02.2020. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baktyluumun98,мага да ошондой ой келди,келиндери начар,митаам окшойт...кайнежеси келсе анда-санда бир келет,аны жаркылдап тосуп алып узатып коюшат,ал болсо жакшы ойдо кетет,куйоолорун понятно же "ысытып" коюшат...хотя кемпирде да бар,бирок келининдин митайым,кыйтырлыгын бир коруп алсан ичин жылыбай калат,ошо сыяктуу булар бири-бирин (келиндер-кемпир) коргусу келбей калышкан болуш керек деп ойлойм.Кемпирдики туура эмес болгон кундо деле ал АПА да,уулдары ушул апасын жоготоор кун келээри
14.02.2020. 01:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nur777,туболукко жоготоор кун келээрин унутушпаса,келиндерге баарыбир,алардын озулорунун апалары бар,эч качан бироонун апасын оз апасындай,бир туугандарын оз бир туугандарындай корбойт...Уулдарына айтаарым ушул,бир буту жерде,бир буту кордо турган апанарды сыйлап,анча-мынча кыялына чыдап койгула,карылыкта ушундай муноз келиши мумкун,никто не застрахован,апанар 32 жашында жесир калган убагында силерди ойлоп,кантип багам деп санаасы санга болунуп чонойткон..
14.02.2020. 01:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nur777,жашында жакшы болсо,карыганда старческий маразм болуп аткан чыгаар,андай оору бизге,силерге келбейт деп эчким кепилдик бере албайт.....
(орусча жазганыма кечирим сурайм)
14.02.2020. 01:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
10-01-2011
Соӊку аракети:
29-03-2020 12:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Красноярск
+5
Эми уй булоолук маселе кыйын. Журналистерде айып бар. Жашы отуп калган эже екен, псих оорукчан да болушу мумкун. Жаш откондо любой адам ооруйт, тактап жазыш керек еле, балдарына кандай таасир берет деп. Атан ооруса байлап бак, Апан ооруса алдап бак деген соз бар. Бирок Эненин оозун балдар жаап журо албайт, колдон келишинче караган ченде деле. Тушунгуло.
14.02.2020. 06:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
29-03-2020 08:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
Баласы лакылдап суйлоп атат аппакмын деп,бир Кудай билет эми апасын жакшынакай кылып карап багып атса эле жинди киши жок да уйдон кетип калган.
14.02.2020. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
29-03-2020 11:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
0
Жинди болсо да апасы го! Кыйналып багып адам кылып койсо ушинтип чыккан баладан Кудай сактасын.
14.02.2020. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
25-03-2020 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын ой
Корунуп эле турат го
Карыянын созундо конкретика бар, минтти тигинтти, идиш жуудурушат, урушат депб коркутушат деп

Балдарынын созундо конкретика жок
урган эмеспиз, каалаган жеринде жашай берсин деп.
Бир жерде турбайт дешет. Конечно турбайт коркутуп батырбай жатса келиндеринер

Манкурттар

Балдарынын созу чын болсо, энеге озунун уйун озуно берип, чыгып кетсин. Ай сайын акча салып турсун, эгер келиндеринер чогу жашагысы кел
14.02.2020. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
25-03-2020 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Карасанар буларды, эненин уйуно кичуусу жашап алып, анын келини энени кекетет имиш идиш жуу деп малайдай кылып.

Чогу жашай албасанар эненин уйун озуно берип чыгып кеткиле, акыркы кичуу манкурту чыгып кетсин сучка келини менен.

Карасанар буларды. Эне ыйык деген эле кооз создорду суйлоптур балдары видеого. Элдер, отурган аксакалдар, журналисттер сурабайбы, озунун уйун озуно жалгыз бошотуп бересинерби деп ? 4-баласы манкасын тарта албаган чипизрик бошотуп чыгабы деп.
14.02.2020. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
25-03-2020 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Манкурттар силерди мыйзам жазааласын.
Кудай жазааласын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140096;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: