super.kg logo

Бааңызды бериңиз! Ырчы Мирбек Атабеков Нурак Абдырахмановдун "Бул дүйнө" аттуу ырын аткарып чыкты

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков айтылуу комузчу Нурак Абдырахмановдун "Бул дүйнө" аттуу ырын жакында элге тартууламакчы. Жаңы ыры тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Нурак атанын уул-кызы да музыкант экен. Ырды жаздырып жатканда келип сөзү, обону кандай ырдалып жатканын карап, кеңештерин беришти. Атабыз кетер алдында ырдын бир-эки сөзүн өзгөртүп койгон экен. "Кана достор, ырдайлы" деген жерин "Алды-аркысын ылгайлы", "Эркин ойлоп жыргайлы" деген жерин "Эркин дүйнө турбайбы" деп мурункудан да терең сөздөрдү кошкон экен. Кызы атамдын өз колу менен жазылган версиясы деп Нурак атанын колуна жазылган кагазды берди. Бул ырдын акыркы версиясын мен үчүн жараткан окшойт деп ойлоп калдым. Азырынча ырдын бүтө элек демо версиясын жарыяладым. Дагы үстүнөн иштеп чыгып, жакында толук версиясын чыгарабыз", - дейт Мирбек мырза.

Эске салсак, Мирбек Атабеков буга чейин Нурак Абдырахмановдун "Аппак сүйүү" аттуу ырын кавер аткарган. "Мындан ары да эски ыр болобу, жаңыбы кавер аткарып, чыгарып турайын деп ойлоп жатам. Себеби комуздун үнүн жактырып, комуздун коштоосунда ырларды уккусу келгендер көп экен" деп кыскача маек берген.



Мирбек Атабеков Нурак Абдырахмановдун "Бул дүйнө" ырын аткарып чыкты.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
12.02.2020. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
29-11-2020 20:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mp3 форматты да айдагыла эми.
12.02.2020. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
29-11-2020 23:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Мики жакшы ырдайт
12.02.2020. 22:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
29-11-2020 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодес иним жакшы ырдаптырсың!
13.02.2020. 08:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
13-08-2020 22:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кимге кандай билбейм го негедир эле мага Мирбектин ырлары көп жага бербейт
13.02.2020. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
29-11-2020 20:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Унундон сенин Мирбек мырза!Сен бир укмуш ырчысын суйобуз сени ийгилик каалайм бар бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: