Кыргыз муфтийи Максат Токтомушев Ысык-Атага келген дунган элинен кабар алды



Бүгүн, 10-февралда Кыргыз муфтийи Максатбек Токтомушев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жолугушууга Ысык-Ата районунун имамы Бактыбек Убабеков, Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Жолугушуу учурунда муфтий Казакстандын Кордай аймагынан убактылуу баш паанек алуу үчүн Чүйгө, анын ичинен Ысык-Ата аймагына келген дунган элинин ал-абалы менен таанышып, аларды сабырдуулукка, улут аралык ынтымакка жана биримдикке чакырды. Андан ары Максатбек Токтомушев Кең-Булуң айылында жайгашкан гуманитардык жардам уюштурулган жайга барып, убактылуу күн кечирип жаткан кордайлыктардын абалы менен таанышты. Гуманитардык жардам берүүчү жайда негизинен элге зарыл болгон тамак-аш азыктары, жылуу кийим-кече бар", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 7-февралда кечинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сортөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында чыр-чатак чыгып, бир катар турак үйлөр талкаланып, 11 адам каза болуп, 40тан ашуун киши жаракат алган.



Мусулмандар деле бири бири менен кырыплып жатышат. Жер талашып, чек ара талашып. Оз кызыкчылыгына келгенде эч ким дининди да ойлойбойт. Муфтият андан коро диний сокур фанатизм менен курошсун. Азыр сокур диний фанатизмдин кереги жок.
Андан көрө өз элинердин көйгөйүн чечип койгулачы