реклама
super.kg logo

FINCA Банк: "25 жыл бою биз кардарларыбыз менен бирге өсүп-өнүктүк"

 



"FINCA Банк" чакан микрофинансылык уюмдан толук кандуу банкка чейин трансформациялоонун татаал жолун басып өттү жана Кыргызстандын финансы рыногунда суроо-талапка жооп берген кызматтардын кеңири түрлөрүн сунуштап келет. 2020-жыл биздин Банктын кардарларын өзгөчө кубандырганы турат, себеби Банк өзүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат.

Бул жылдардын аралыгында FINCA Банк кандай жолду басып өткөнү жөнүндө, Банктын досторун жана өнөктөштөрүн кандай жаңылануулар күтүп турганы жөнүндө, ошондой эле келечектеги пландары жөнүндө «ФИНКА Банк» ЖАК Башкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов айтып берди: «2019-жыл биз үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Биз алдыга койгон бардык стратегиялык пландарыбызды ишке ашырууга, анын ичинде кредиттик жана депозиттик портфелибизди өстүрүүгө жана ошол эле учурда жаңы продукттарды ишке киргизүүгө жетиштик. Ал эми сандар жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз депозиттер менен 17 пайызга өстүк, ал эми кредиттик портфелди 15 пайыздан ашык көбөйттүк».

Мындан тышкары, өткөн жылы FINCA Банк өзүнүн бизнес-процесстерин жакшырта алды, ошондой эле кредиттерди планшеттердин жардамы менен берүү процессин оптималдаштырды. Эми кредит берүү боюнча кызматкерлер кагаздарды аз пайдаланып, кардарлар менен көбүрөөк байланышып, аларга кредиттерди тез берип жатышат. Өткөн жылы интернет-банкинг да унутта калган жок, ал жакшыртылып, мобилдик банкингди ишке киргизүүдө жардам болду.

«Биз бул 25 жылдын ичинде көп нерсени басып өттүк, анын ичинде толук кандуу Банк болууга жетиштик. Өзгөрбөстөн, ошол бойдон калган бир гана нерсе – бул биздин озуйпабыз, тактап айтканда, кардарларыбызга активдерин өстүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берүүчү узак мөөнөттүү финансылык чечимдерди сунуштоо», - деп белгиледи Махмуд Саидахматов.

Юбилейлик жылдын алкагында FINCA Банктын кардарларын кызыктуу акциялар жана лоялдуулуктун уникалдуу программалары күтүп турат.

«25 жыл бою биз кардарларыбыз менен бирге өсүп-өнүктүк, бул бизди абдан кубандырат. Бизде лоялдуу кардарлардын кеңири базасы түзүлдү, биз ал кардарларыбызга ыраазычылык билдирип кеткибиз келет. Юбилейлик жылдын алкагында биз алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өзгөчө шарттарды жана жагымдуу бонустарды даярдадык. Жаңы кардарларды да көптөгөн жагымдуу белектер күтүп турат», - деп баса белгиледи Башкарманын Төрагасы.

FINCA Банктын бул жылга да, келечекке да амбициялуу пландары бар. Мисалга алсак, Банк өз кызматтарын мындан да ыңгайлуу кылууну жана бул үчүн санарип технологияларды ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул болсо кеңсеге барбастан, банк кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле ушул жылы биз кардарлардын лоялдуулук программасын киргизип жатабыз. Биздин туруктуу жана лоялдуу кардарларыбыз бул программанын алкагында ар кандай бонустарга ээ болушат.

«Бул пландардын баарын биздин мыкты командабыздын жардамы жок ишке ашыруу оңой эмес. Азыр анда бардык филиалдар боюнча алганда 1200 жакын адам бар. Биздин кызматкерлерибиз абдан лоялдуу жана кардарлардын муктаждыктарын эске алуу менен иш жүргүзөт. Учурдан пайдаланып, аларга биздин озуйпабызды бек сактагандыгы, коомдун жана кардарларыбыздын пайдасы үчүн иштеп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Анан да, албетте, биздин кардарларыбызга да бизди тандап, биз менен бирге өсүп-өнүгүп жаткандыктары үчүн ыраазычылыгымды билдирем», - деп сөзүн жыйынтыктады Махмуд Саидахматов.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
11.02.2020. 18:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-09-2014
Соӊку аракети:
27-04-2020 17:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Jalalabad
+7
25 жыл кардарларга проценти коп кредит берип элдердин шорун курутуп онукту да
11.02.2020. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
29-04-2020 17:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул "25 жыл элдин канын ичтик" деген сөз
11.02.2020. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
10-06-2012
Соӊку аракети:
09-04-2020 05:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+5
25 жыл элдин канын сүлүктөй сордуңар
11.02.2020. 19:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
438
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
05-06-2020 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Албетте өнүгүп өстүңөр, бирок канчалаган адамдарды шордоттуңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
145104;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: