реклама
super.kg logo

ТЕСТ: "Мен Анара эмесмин", "Сүйүү-пүйүү - болбогон бир жомок"... "Боз салкын" тасмасы тууралуу эмне билесиз?

 

Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун 2006-жылы тартылган "Боз салкын" тасмасын азыркыга чейин калың журт тажабай көрөт. Тасма кезинде "Евразия" эл аралык кинофестивалында Гран-Прини, Римде өткөн "Нетпак" кинофестивалында Эл аралык кино коомунун атайын призин, Везуль шаарында өткөн Азия искусство кинофестивалында атайын приз жана башка сыйлыктарга татыган. "Сенин атың - менин атым, сенин катының- менин катыным", "Биз тамакты да бычак, вилка менен жейбиз", "Сүйүү-пүйүү болбогон жомок" деген бир топ эл оозунда калган сөздөр дал ушул "Боз салкын" тасмасынан алынган. Анда эмесе, 14 жылдан кийин тасма эсиңизде канчалык калды? Ошол темада өзүңүздү текшерип көрүүнү сунуштайбыз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

"Боз салкын" тасмасы кайсы жакта тартылган?

Эрнест Абдыжапаров режиссёрлук кылган "Боз салкын" тасмасы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Бел жайытында тартылган. Тасма элге жайылып, популярдуу болуп кеткенден кийин жайлоо Боз салкын деп аталып калган.

Кийинки суроо


Ат-Башынын Ак-Сай жайлоосунда
Ысык-Көлдүн Бел жайытында
Чүй облусунун Суусамыр жайлоосу

Тасмада сценарийде жазылбаган, кийинчерээк гана кошулган кызыктуу каарман бар. Ал ким деп ойлойсуз?

Тасмада алгач жүк басып калган жеңе гана тартылмак. Ал эми анын күйөөсүнүн ролун ойногон Камчы Сарыбаевдин образы капыстан жаралып, тасмага кошулган.

Кийинки суроо


Асема тээп, жүк басып калган жеңенин ролу.
Асеманын ата-энесинин ролу.
Жүк баскан жеңенин жолдошунун ролу.

Мураттын унаасы кайсы үлгүдө болгон?

Мураттын унаасы Тойота корона үлгүсүндө болгон.

Кийинки суроо


Мерседес-бенц
Тойота корона
Ниссан примера

Тасмадагы Бурма Муратка ким болот?

Бурма Мураттын мурунку сүйлөшкөн кызы болгон. Ал Мурат Асеманы айылга алып келгенден кийиин "Сүйүү-пүйүү - болбогон бир жомок" деп сүйүүгө ишенбей калганын билдирет.

Кийинки суроо


Мурунку сүйлөшкөн кызы
Классташы
Тууганы

Асема Мураттын үйүнө келгенде Мураттын апасы бир сөздү айткан. Ал фраза эл арасында абдан кеңири жайылып, азыркыга чейин колдонулат. Ал кандай фраза?

Мураттын атасы "айылдыктар маданияттан артта калып кеткенбиз" деп Асемага айтса, апасы теригип кетип, “Бул айылдын эң эле маданияттуусу бизбиз. Жадакалса этти бычак, вилка менен жейбиз” деп айтканы эл оозунда "учкул сөзгө" айланып, азыркы күнгө чейин колдонулуп келет.

Кийинки суроо


“Бул айылдын эң эле маданияттуусу бизбиз. Жадакалса этти бычак, вилка менен жейбиз”.
“Бул айылдын эң эле маданияттуусу бизбиз. Жадакалса этти кашык менен жейбиз”.
“Бул айылдын эң эле маданияттуусу бизбиз. Жадакалса эт жебейбиз”.

Асема менен Сагын алгач кайсы жактан таанышат?

Көл жээкте балдар Анараны ала качуу планын түзүп жатканда Мурат Асема менен келип, сүйлөшкөн кызын алар менен тааныштырат. Ошол жакта биринчи жолу Асема менен Сагын көрүшүп, таанышат.

Кийинки суроо


Көл жээгинен
Жайлоодон
Шаардан

Тасмада кайсы адамдардын ортосунда сүйүү үч бурчтугу орун алган?

Тасмада Мурат, Бакыт жана Бурманын сүйүү үч бурчтугу берилет. Мураттын досу Бакыт Бурманы сүйөт. Ал эми Бурма Муратты сүйөт.

Кийинки суроо


Мурат, Капар, Асема
Мурат, Асема, Сагын
Мурат, Бакыт, Бурма

Айылдык чабан Сагын эмне үчүн сүйлөшүлгөн Анараны эмес, Асеманы ала качат?

Айылдык чабан Сагын достору менен айылдашы Анараны ала качабыз деп алдын ала сүйлөшкөнү менен айдоочу адашып Асеманы унаага салып алат. Ошентип, алар Анаранын ордуна адашып шаардык кызды ала качышат.

Кийинки суроо


Сагын Асеманы бир көрүп сүйүп калат.
Сагын Анаранын "малды караганга киши таппай жатасыңарбы?" деген сөзүнө теригип шаардык кызды ала качат.
Асеманы адашып ала качып алышат.

Анаранын таежесинин ролун кайсы актриса аткарган?

Анаранын ата-энеси каза болгондугуна байланыштуу аны таежеси карамагына алган болот. Таежесинин ролун Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова аткарган.

Кийинки суроо


Жамал Сейдакматова
Назира Мамбетова
Сайра Момунбаева

Сагын дүкөндөн Асемага кандай белек алып келип берет?

Сагын айылдагы дүкөндөн Асема үчүн француз атырын сатып берген.

Кийинки суроо


Француз атырын
Кийим-кече
Ак жоолук

"Боз салкын" тасмасында кимдин аткаруусундагы ырлар жаңырат?

Тасмада Эрнест Абдыжапаровдун репертуарындагы ырлары жаңырган.

Кийинки суроо


Съездбек Искеналиевдин ырлары
Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун репертуарындагы ырлар
Болот Миңжылкыевдин ырлары

"Мага эмне? Эмне болсоңор ошол болгула" бул кимдин сөзү?

Асеманы ала качып келишкенде Капар "бул Анара эмес" деп баарына түшүндүрүүгө аракет кылат. Жеңелеринин биринин күйөөсү Капарды чекеге чакырып, "үнүңдү чыгарсаң бүктөп коём" деп коркутуп коёт. Ошондо Капар "Мага эмне? Эмне болсоңор ошол болгула" деп басып кетет.

Кийинки суроо


Мураттын
Капардын
Сагындын

Мураттын туугандары шаарда турган Асеманын ата-энесине ачуу басарга эмне алып барышат?

Мураттын туугандары Асеманын ата-энесинин көп кабаттагы үйдөгү батирине ачуу басарга кой жетелеп келишет.

Кийинки суроо


Уй
Эчки
Кой

Бул кайсы эпизоддон кадр?

Сагын Асема экөө жайлоодо жашап калышканда жубайы суу алганы кетет. Суу алам деп тайгаланып кулап түшүп, бийлеген учурда Сагын аны дүрбү менен аңдып карайт.

Кийинки суроо


Сагын Мураттын келишин күтүп карап жатканы.
Койлорун түнү карышкыр жарып кетип, койлорду тизмектеп отургандагысы.
Асема суу алганы барып, кулап, бийлеп жатканын карап жаткан.

Тасманын аягы кантип бүтөт?

Тасма Асеманын тагдырына баш ийип, Сагын менен жашап калышы менен аяктайт.

Кийинки суроо


Асема акыры шаарга качып кетет.
Асеманы Мурат алып кетип, экөө баш кошушат.
Асема тагдырына баш ийип, жайлоодо жашап калат.

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
16.03.2020. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
07-10-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 14:49
Жынысы:
Белгисиз
-7
60
16.03.2020. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1200
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 21:20
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул тест мурда бир болду элего.
16.03.2020. 14:16 
Тайпасы:
Администраторы
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
08-11-2010
Соӊку аракети:
26-05-2020 00:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-5
katerina.li, биринчи жолу даярдалды
16.03.2020. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1200
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 21:20
Жынысы:
Белгисиз
-6
47 балл. Такыр эле кызыкпамын. Бирок убанында коргом аябай. Бир коргонго жараган кино
16.03.2020. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-03-2018
Соӊку аракети:
25-05-2020 13:41
Жынысы:
Белгисиз
-6
74
16.03.2020. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
19-05-2020 06:29
Жынысы:
Белгисиз
-9
94
16.03.2020. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
28-02-2019
Соӊку аракети:
26-05-2020 00:06
Жынысы:
Белгисиз
-9
74
16.03.2020. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 13:31
Жынысы:
Белгисиз
-6
74
16.03.2020. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
09-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 20:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мырза Аке.
-4
80
16.03.2020. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-10-2018
Соӊку аракети:
02-05-2020 23:19
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комментарий окуганды жакшы коргон жаным ушундай тесттерден кызыл жаян минустарды коруп тан калам.Эмнеге минус эле басыша бересинер?
16.03.2020. 22:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
695
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
25-05-2020 13:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
-4
100% баскыла минусту каалашыңарча.Ичи тарлар
16.03.2020. 22:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-10-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 22:01
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл камчынын ролун билбей кеттим
17.03.2020. 09:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
25-05-2020 21:30
Жынысы:
Белгисиз
-2
100
17.03.2020. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
19-05-2020 06:29
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мыналар мынча - баскандар, коро албастар окшойттор
17.03.2020. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
20-03-2020 23:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
-5
Кыргыздар бир биринерди коро албайсынар ээ
17.03.2020. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
25-05-2020 12:20
Жынысы:
Белгисиз
-5
74
18.03.2020. 01:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
21-05-2020 19:44
Жынысы:
Белгисиз
-4
1000))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144390;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: