super.kg logo

Жалал-Абадда туруктуу жашаган жери жок адамдарга жардам көрсөтүлдү

 

Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан туруктуу жашаган жери жок адамдарга жардам көрсөтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын суук болуп жаткандыгына байланыштуу кароосуз, туруктуу жашаган жери жок жарандардын өлүмүн алдын алуу максатында, 27-январда Таш-Көмүр ШИИБи атайын рейд өткөрдү. Анда шаар аймагында коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, алдын алуу жана кылмыштуулукка, жоруктарга бөгөт коюу үчүн алгылыктуу алдын алуу жумуштары аткарылган. Ошондой эле бир күндүн ичинде шаар аймагындагы көптөгөн жерлер текшерүүгө алынган.

Паспорттук эреженин сакталышын көзөмөлдөөдө 97 кожолук текшерилди;

Психикалык жактан ооруп, каттоодо турган 7 жаран текшерилип, алардын бири Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды;

Кароосуз, туруктуу жашаган жери жок 1 жаранга жергиликтүү бийлик тарабынан туруктуу жашаганга 1 бөлмөлүү батир берилген.

"Мындан сырткары, туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жаткан эки жаран медицина кызматкерлери менен биргеликте атайын палаталарга жаткырылып, тийиштүү жардамдар көрсөтүлдү. Ошондой эле дагы көчөдө спирттик ичимдиктерди көп ичип, туруктуу жашаган жери бар 2 атуул Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137919;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: