Дайынсыз болуп туугандары тарабынан изделген Кыргыз жараны Москвадан табылды
Туугандары тарабынан дайынсыз болуп изделип жаткан Кыргыз жараны аман-эсен табылды. Ал Москвада иштеп жүргөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Социалдык тармактарда Баткен облусундагы Кадамжай районунун 27 жаштагы У.Д. аттуу тургуну жумушка деп чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегени тууралуу маалымат тарап, издөө жарыяланган. Ал 16-январдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.
"Издөө иштерине катышкан жарандар Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө дагы кайрылышкан. Мындай билдирүүдөн кийин изделип жаткан жаран Москванын Подольск шаарына иштеп келүү үчүн кеткендиги аныкталган. Аталган аймакта мобилдик байланыш жок болгондуктан, изделип жаткан жаран туугандарына байланышка чыкпай жүргөн. Ал бир нече күн иште болуп, изделип жатканын жумуштан келгенден кийин билгенин айткан", - дешти маалымат кызматынан.







1 |