super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Марс Сариев: "Саясий абал курчуп, парламенттик шайлоо жакындаганда маалыматтык согуш башталат". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйыны өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун сот залынан бошотулганы боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту сындады. Ал бул боюнча ага сөз тийип жатканын айтты.

Насирбек Алмаматов 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган. Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган. Жогорку Сот 2019-жылдын 30-октябрында бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Андан соң ага издөө салынган.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйында "коррупцияга шектелип соттолгон Насирбек Алмаматов жогорку жактан буйрук берилгени үчүн сот залынан бошотулду, эл президенттен буйрук берилди деп ойлоп калды" деп прокуратура менен сот бийлигин сындады. Өлкөдө президенттик кызматтан жогору жак барбы?" деген собол салды.

Саясат таануучу Марс Сариев саясий абал курчуп, парламенттик шайлоо жакындаганда маалыматтык согуш баштала турганын айтты.

"Президент сот иштерине аралаша албайт. Мүмкүн, сот ката кетирип, Алмаматовду чыгарып жиберишкен. Саясий абал курчуп, шайлоо жакындаганда президент тууралуу ошондой маалыматтар көбөйүп, маалыматтык согуш башталат. Мүмкүн, Алмаматов сотту сатып алгандыр. Коомчулукта бул нерсени президентке чаптай беришет. Президент ага аны чаптабаш үчүн ушинтип айтып жатат", - дейт Марс Сариев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: