super.kg logo

Окуучунун идентификациялык номурун кантип алса болот? Көп берилген суроолорго Мамкаттоо жооп берет

 

Билим берүү мекемелеринде маалыматтык системдер киргизилгенине байланыштуу калкты тейлөө борборлоруна баланын жеке идентификациялык номурун алуу боюнча кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришет.

Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар тарабынан көп берилген суроолорго карата жоопторду даярдаган. Калкты тейлөө борборуна кайрылардан мурда бул жоопторго көңүл буруңуздар:

1. Эгерде мурда балага жеке идентификациялык номер алган болсоңуз, калкты тейлөө борборунун операторуна кайрылып, маалымкат сураңыз, оператор сизге маалымкат чыгарып берет. Маалымкатка мөөр басылбайт.

2. Эгерде балага жаңы үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилсе (2016-жылдын 1- декабрынан кийин) же балага жалпы жарандык паспорт алган болсоңуз, ушул документтерде баланын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн. Бул учурда документтин көчүрмөсү жетиштүү.

3. Балага жеке идентификациялык номер алуу боюнча биринчи жолу кайрылып жатсаңыз:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • ата-энесинин (атасынын же апасынын) паспорту жана көчүрмөсү тиркелген арыз (ордунан толтурулат) менен кайрылышы керек.

Жеке идентификациялык номер ыйгаруу акысыз жүргүзүлөрүн Мамкаттоонун басма сөз кызматынан кошумчалашты.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2020. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-09-2019
Соӊку аракети:
19-02-2020 20:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш гвардия кочосундо жайгашкан жерге, 3 кун кезек кутуп, бизге жетпей иш убактысы бутуп калды. Менда кызыма ин код алат элем. Кечке эле жумуштан жибере бербейт экен, эми озулору алып алсын. Качан кезек кутуп, бир бири менен кырылмай токтойют. Кайда барсан кезек кутмой, кишинин санына жараша кабинканыда кобойтуп койсонор боло. Баарын бир жерге тыгылыштырбай.рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: