super.kg logo

Сузакта иске ууланып, келин эки баласы менен каза болду. "Маркумдардын дайыны билинбей 1 жарым күн жатып калышкан" дейт райондун акими

 

Сузакта келин балдары менен иске ууланып каза болду. Бул окуяны Сузак районунун акими Эрмек Ормошов тастыктап, SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.

"Келин 1986-жылы туулган, мектепте пол жуугуч болуп иштечү. 19-январга караган түнү мешке көмүр салып, эки баласы менен эшикти бекитип укташкан. Эртеси кошуналары эшигин тартып көрүшсө бек болгондуктан, конокко кеткен го деп ойлошкон. Дүйшөмбү күнү тактап айтканда, 20-январда балдар да, апасы да мектепке барбаганынан улам кайра үйүнө издеп келишкен. Эшигин ачып, 5 жана 7 жашар баласы менен келиндин жансыз денесин табышкан. Тергөө органдары алардын эмнеден улам каза болгонун иликтеп жатышат. Болжолдуу түрдө мештин оозу ачылып, алар иске ууланып каза болгону айтылууда. Келиндин жолдошу Орусияда иштечү ал келип, бүгүн, 22-январда келинди балдары менен жерге бердик", - деп билдирди Эрмек Ормошов.



Сузакта 33 жаштагы келин 2 баласы менен иске ууланып каза болду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.01.2020. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
396
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+8
Балдарга жалко. Бейиштин гул багын аралагыла .
22.01.2020. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
02-08-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 04:40
Жынысы:
Белгисиз
+16
souza.j,Балдар эле эмес энесине да жалко,кандай окунучтуу,Аллахым бейиште чогуу кылсын амин.
22.01.2020. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
19-02-2020 14:12
Жынысы:
Белгисиз
-13
Жараткан Тенирибиз ар бир кырсыктан сактасын.
23.01.2020. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1262
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-01-2020 09:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
sinej,Алар тенирчи эмес ,мусулман болушкан.Тениринди озундун тенирчилерине жаз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137919;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: