super.kg logo

Жактоочу: "Атамбаев кийинки соттук процесстерге катыша берсе болот"

 

Бүгүн, 21-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурум жабык эшик артында болду. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бул процесске дагы катышпаганын анын жактоочулары айтышты.

Соттук отурумдан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв эгер Атамбаевдин өз каалоосу болсо, сот аны четтеткенине карабай, кийинки отурумдарга катыша берсе боло тургандыгын билдирди. Мындан тышкары, жактоочу ишке төрагалык кылган сот жактоочуларга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтты.

"Соттук процесстин жүрүшүндө ишке төрагалык кылган сот көп жолу жактоочу тараптын өз ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоол болуп жатты. Алсак, процессте сот өтүнмөлөрдү келтирүүгө уруксат бербей жатты. Мыйзам боюнча процесстин бардык катышуучулары, анын ар бир статьясында өтүнмө келтирсе боло берет. Ошондой эле сот жактоочудан сүйлөбөстөн, отуруусун талап кылып жатты. Мыйзамда төрагалык кылган сотко карата нааразычылыктар болсо, ал протоколго киргизилиши керек. Бирок андай болгон жок. Анын ордуна жактоочунун айткан эскертүүлөрү протоколго жазылды. Жыйынтыгында соттук процесс жактоочунун, тактап айтканда, менин сот процессинин эрежелерин бузгандыгыма байланыштуу токтотулду", - дейт жактоочу.

Буга чейин УКМКнын имаратында өтүп келген соттук отурум, 23-январдан баштап Биринчи Май райондук сотунун имаратында өтөрүн жактоочулар билдиришкен.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.01.2020. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 22:30
Жынысы:
Белгисиз
0
АША жаман каадаландың го сен! Жөнөкөй жарандар унчукпай мыйзамга баш ийип эле жашап келе жатат го. Сен эмне асмандан түшкөнсүңбү? Мыйзамды сыйлабай кантип президент болуп жүрдүң экен?
21.01.2020. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
25-02-2020 21:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alimbek1000,
АШАны коюп Сооронбай өзүн карап алсын. Сооронбай АШАнын колдоосу болгон үчүн багы ачылып кетти го. Сооронбай келип эмнени жыргатты. Бүт баарын бүлүндүрүп бүттү. Сокеден өткөн мыкты адамдар бар эле. АШАнын чоң катасы болду. Сооронбайды колдобош керек болчу. Азыркы Сокенин сасыган саясаты элдин кыжырын күн сайын келтирип жатат. Жакында СОКЕ кетпесе оңолбойбуз.
21.01.2020. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 22:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев каадалана бербечи адамдын нервине ойноп!
21.01.2020. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
624
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
26-02-2020 18:15
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев мындай жактоочулар менен алыска барбай калды го.
21.01.2020. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
874
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 23:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өзү бышырган кашаны эми өзү жеп жатат,элдин оюна койгондо каалаган талапкерди тандап алышмак. Атамбаев эс алууга чыгып жыргап жатмак.
22.01.2020. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
607
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 22:35
Жынысы:
Белгисиз
0
АлМас агынан уруп Шоопурга мамлекетти башкартып коюп чартаңбай тээп жургон кундорунун жемишин коруп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: