super.kg logo

Жактоочу: "Батукаев боюнча соттук териштирүүнү Алмазбек Шаршеновичтин катышуусуз өткөрдүк"

 

Бүгүн, 16-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум болуп өттү. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты.

Отурум 3 сааттан ашык убакыт болду. Андан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Отурум 21-январга жылдырылды. Бүгүн дагы биз соттук ишти Алмазбек Шаршеновичтин катышуусуз өткөрдүк. Сот жактоочулардын соттук процессти Биринчи Май сотунун сот залына которуу боюнча өтүнмөлөрүн карады. Андан баш тартылды. Мындан тышкары, сот процессин токтото туруу жөнүндө өтүнмөлөр келтирилди. Себеби азыркы соттук териштирүү жүрүп жаткан бөлмөдө видео, аудио фиксаторлор орнотулган эмес. Процесстин катышуучулары үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Мисалы, менде керектүү кагаздарымды койгонго стол, жазууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Жактоочу тарап соттук процесс өтүп жаткан бөлмөнүн шарты жок болгонуна байланыштуу, бир нече өтүнмө кылганына карабастан, андан баш тартылып келет. Соттук териштирүүнү токтотуп туруу жөнүндө сунуштар айтылды. Бул өткөн отурумда кабыл алынган Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө токтомго байланыштуу болду. Бирок сот бүгүнкү күнгө чейин жактоочуларга дагы, Алмазбек Шаршеновичке дагы бул токтомду бере элек. Сот бизге мөөр коюлбаган Биринчи Май райондук сотунун токтомун алууну сунуштады. Бирок мөөрү жок токтом, документ болуп саналбайт жана биз аны даттануу үчүн колдоно албайбыз. Мен сотто төрагалык кылып жаткан сотко карата бир нече жолу нааразычылыгымды билдирдим. Себеби ал бир нече жолу жактоочулардын сөзүн бөлүп, алар өтүнмөлөрүн негиздеп жатканда тоскоол болду. Бул жолу дагы соттун бул иштен баш тартуусу боюнча өтүнмө кылынды. Андан дагы баш тартылды. Мына 3 сааттан ашык убакыт бою ушул маселелерди карап жаттык", - дейт жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
16.01.2020. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
19-08-2018
Соӊку аракети:
14-02-2020 15:39
Жынысы:
Белгисиз
-7
Атамбаевти жок жерден Жээнбековтун буйругу менен куноолоп жатышат. Сооронбайдын жалданма сотуна ким ишенет? Эч ким ишенбейт. Сот Сооронбай үчүн каалган акыйкатсыз жыйынтык чыгарып берет. Атамбаевди туш тараптан жамандагандан Соке эч абйийр тапкан жок. турмушубуз оңолуп кеткен жок. Атамбаевтин аркасына суу куйгандар, бугун Сооронбай майлуу кызматтарга бекитип жатат.
Kairat1996 түзөттү 2020-01-16 20:05:22
16.01.2020. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
17-02-2020 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+7
АШАнын тролу сен Кой-Таштагы союлган буканын этинен ооз тийип алган окшойсуң. Канкор Атамбаев кан менен келип кан менен кетти! Атамбаевдин толтура былыктары бар. Ал былыктары үчүн жооп бергенге өмүрү жетет болду бекен?
17.01.2020. 09:03 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
06-12-2019
Соӊку аракети:
28-01-2020 18:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акаев, Бакиев президент болуп турганда дагы Батукаевди бошотуу боюнча ири суммалар сунушталып, бирок кылмышкер бошотулган эмес. Кримтөбөлдүн ишинде миллиондогон акчалар маанилүү ролду ойногондуктан Атамбаев баарына кайыл болуп, бошотуп жиберишти. Батукаев чындап эле оорулуу болгон күндө да түрмөдөн дароо чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Ал деген кыргыздын бир катар чиновниктерин жок кылган канкор киши. Аны абакта кармоо дагы аздык кылат болчу. Эгер оорулуу деп бошотсо, биздин абакта жаткан андан да аб
16.01.2020. 22:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-12-2019
Соӊку аракети:
31-01-2020 09:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996, Жээнбеков Атамбаевди жамандагыла деген буйрук бериптирби эмне, келесоосун го. Элдердин озулорунун коздору бар, озлору коруп Атамбаевдин коррупциялык иштерине зээни кейип, камалуусун талап кылып отурат. Канчалаган сендейлердин акчасын жеп кетти ал киши, сага баары бир болсо да элди ойлосон. Ар бир копеекти санап отурган элдин акчасын кантип жеп кетти
16.01.2020. 22:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
17-02-2020 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kairat1996, Атамбаевди ошол өзү президент болуп турганда дайындаган соттор соттоп жатат. Көрсүн өзү кандай система тузүп кеткенин, өзү түзгөн системанын курмандыгы болсун. Сот системасын чириткенин, ириткенин өз көздөрү менен көрүп өкүнсүн. Атамбаевдин кезинде канчалаган күнөөсү жок адамдар ак жеринен соттолуп кетти.
Alimbek1000 түзөттү 2020-01-16 22:13:09
16.01.2020. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
28-01-2020 12:34
Жынысы:
Белгисиз
-3
Соке деген эргул сотторго, күч органдарына “жең ичинен” буйрук берип, күнөөсүз адамдарды, патриотторду каматууда катуу шугулданып жатканы ачык. Сооронбай жон эле курулай мактоо менен гана келип калган. Болбосо колунан эч нерсе келбейт. Мындай адамдын барынан жогу жакшы.
16.01.2020. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
682
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
16-02-2020 19:36
Жынысы:
Белгисиз
0
elebes86,именно ошол колунан эч нерсе келбеген адамды президенттикке алып келгени учун, шайлооду эркин,калыс откорбогондугу учун АШАны камаш керек,канча деген мигранттар шайлоо укугунан ажырады.
16.01.2020. 22:06 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-12-2019
Соӊку аракети:
31-01-2020 09:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555, колунан эчнерсе келбеген сен, накта манкурт экенсин. Козунду чонурак ачсан
16.01.2020. 22:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-12-2019
Соӊку аракети:
31-01-2020 09:58
Жынысы:
Белгисиз
0
elebes86, сен да жегич окшойсун, жегич, куу, шакалдардын жолун жаап салды, ошого ушинтип курулай жамандап жатасын! Миллиондогон акчалар кайтарылып келип жатат элдик казнага, ошонун баарын билбеген сен эл душманы экенсин
17.01.2020. 00:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2435
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
17-02-2020 18:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер эле убара болуп жатышат да, же Батукаевди кайтарып алып келесинерби?
17.01.2020. 09:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
584
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
17-02-2020 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев Батукаевдин бошотулушу боюнча бардык буйрукту өзү берип турган. Кылмышкер адамды жүйөсүз бошоткондугу үчүн жазасын алсын.
17.01.2020. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
566
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
17-02-2020 17:03
Жынысы:
Белгисиз
0
АлМас агынан уруп акча десе аялын саткан адам экен Рыспектин аткан Батукаевди акча үчүн коюп жиберди жашыл залдан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137545;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: