super.kg logo

Учактын шасси турчу бөлүгүнөн 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

 

8-январь күнү Кот-д`Ивуар өлкөсүнүн Абиджан шаарынан Парижге учкан учактын шасси орнотулган бөлүгүнөн 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Air France" компаниясы адамдын жансыз денеси табылганын тастыкташты. Каза болгон бала болжолдуу 10 жашта жана теги африкалык болгон. Полиция мындай окуялар чанда гана болорун жана шасси орнотулган бөлүккө кирип алган адам суук аба ырайына, аба жетишсиздигине жана шассинин тебелеп кетүү коркунучунан улам аман калышы мүмкүн эмес дешет.

Учурда бул окуя боюнча Африка аэропортунда коопсуздук сакталбаганына байланыштуу териштирүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин деле шасси орнотулган бөлүккө жашырынып мыйзамсыз жол менен Европага барууга аракет кылган мигранттар болгон. Алардын көпчүлүгү Африкадан учкан каттамда катталып, мигранттар суукка тоңуп же катуу жаракат алып каза болушкан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.01.2020. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
17-02-2020 03:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мигранттар жашаган шаар
0
Шассиси каерде?
09.01.2020. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
Migrant-rf,самолеттода
09.01.2020. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 15:42
Жынысы:
Белгисиз
+5
Учактын дөнгөлөгүн шасси деп айтат,тоесть Учактын дөнгөлөгү кирген жерге бекинип алыптыр.
09.01.2020. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
497
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
25-02-2020 22:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Учак дөңгөлөгүн жыйнаган кезде кыпчылып калам деп ойлободу бекен.
10.01.2020. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
25-02-2020 10:20
Жынысы:
Белгисиз
0
силерда турап Москвага жонобогуло.зайчик боломун деп.бизде азыр коррупция оло кучундо.
10.01.2020. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
07-12-2014
Соӊку аракети:
24-02-2020 19:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба
10.01.2020. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
437
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
29-01-2020 19:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге баардыгы омурун тобокелге салып Европага барышат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137973;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: