реклама
super.kg logo

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтү дагы узартылды

 

Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү дагы узартылды. Тактап айтканда, алар 31-январга чейин камакта болушат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.01.2020. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
707
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
31-03-2020 23:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул зөөкүрлөргө өкүм чыгарып камап салса жакшы болмок эле.
09.01.2020. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
31-03-2020 21:54
Жынысы:
Белгисиз
+4
Онбеш жылга камаса туура болот бул зоокурлорду
09.01.2020. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
26-10-2017
Соӊку аракети:
04-02-2020 10:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 жыл камалсын. эмнеге эле убакытты созуп жатышат. фокт турат ко чечим чыгарып камаш керек.
09.01.2020. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
381
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
01-04-2020 01:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убакыт созбой эле бардык далилдер бар камабайбы акмактарды биздин жеп жутар акмактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140306;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: