super.kg logo

Сүйүнчү! "SUPER TV" каналы тарткан оор тагдырдын каарманы үйлүү болду

 

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылы 30-августта "SUPER TV " телеканалына "Кепедей үйдөгү 3 тагдыр. "Үйдүн ижара акысын төлөгөнүбүзгө сүйүнөбүз" деген аталышта видео чыккан. Анда Мейлихан Мурзатова аттуу айым ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулу жана келини менен кичинекей кепедей үйдө жашары, алардын оор тагдыры баяндалган. Аталган видеону көрүп, мекендештеринин тагдырына кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдар чыгып, каарманыбызга Айдаркен шаарынан үй алып беришти.

Мейлихан апанын оор тагдырын "SUPER TV" каналынан көрүп, биринчи жардамга колун сунган Москвадагы Айдаркен шаардык коомунун жетекчиси Нурбек Абдуллаев болгон.

"Биз видеону сентябрь айында көрдүк. Дароо коомдогу балдар менен кеңешип, акча чогултуп үй алып бермекчи болдук. Эжеге Айдаркенден үйдү сатып алып, ремонттоп Жаңы жылга белек катары 30-декабрда тартуу кылдык. Тилекке каршы, мен өзүм Айдаркенге барып иш-чарага катыша албай калдым. Бирок коомдун балдары иш-чарага катышып келишти. Биздин идеяны ишке ашырууга салым кошкон Кадамжай коомуна да рахмат", - дейт Нурбек мырза.

Айдаркен шаарынын жаштар уюмунун төрагасы Улан Гапаров иш-чара тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Москвадагы балдар чогулткан акчага көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алдык. Батир оңдоп-түзөөгө муктаж экен, ал жагын өзүбүз кылдык. Үй тиричилигине керектүү сантехникасын жана башкасын орнотуп койдук. Биздин коом 2014-жылы уюшулган. 2017-жылы ушул эле коом Москвада түзүлдү. Буга чейин деле кайрымдуулук иштерин жасап келебиз. Мейлихан эженин жашоосун көрүп, жөн карап тура албадык", - дейт Улан мырза.

Каарманыбыз Мейлихан Мурзатова жаңы үйү өзүнүкү экенине дагы деле ишене албай, кубанып жатканын айтат.

- Мейлихан эже, жаңы конушуңуздар кут болсун! Тагдырыңызды айтып берип жатканда үйлүү болуп калам деген ой болду беле?

- Рахмат, балам. Мен мындайды чынында күткөн эмесмин. Биз тууралуу видеону силер (ред. "SUPER TV" каналы) чыгаргандан көп өтпөй, мага үй алып беришет экен деген сөздөрдү угуп калдым. Кийинчерээк коомдон мага үй алып беребиз деп чалышты. Чынында ишенген эмесмин.

- Жаңы жылдын алдында сиздерге үй тапшырылыптыр. Кубанычыңыздарда чек жок болсо керек?

- Албетте, Айдаркен шаардык коомунан балдар чалып, Жаңы жылдын алдында үй белек кылабыз дешти. Уулум, келиним болуп Бишкектен Айдаркенге бардык. 30-декабрь күнү балдар чогулуп, бизге үйдүн ачкычын тапшырды. Абдан кубандым. Кубанганымдан аларга сөз айта албай, ыйладым... Балам болсо ары жакта туруп ыйлады. Биз мындай окуя болот деп күткөн эмеспиз да... Аябай сүйүндүк. Балдарга батамды бердим, өмүрлөрү узун болсун, айланайындар. Үйүбүзгө кирип алганыбызга 5 күн болду, дагы деле биздин үй экенине ишене албай отурам. Бирөөнүн үйүнө киргендей эле болуп жатам.

- Сиздер үчүн аябай кубанычтабыз! Эми жашооңуздар кандай болуп жатат? Сиз пенсия албасаңыз, кантип оокат кылып жатасыздар?

- Тирилик өтө берет экен да, балам. Айдаркенде жумасына бир базар болот. Балам ошол жакка чыгып араба түртүп, акча таап келип жатат. Анын тапканына оокат кылып жатабыз. Жаңы жылдан кийин үйдүн документин беребиз дешкен. Мен ошону күтүп отурам. Документти алсам Бишкектеги кызыма барып, балдарын карашканча иштесемби деп жатам. Мен да иштебесем тиричилигибиз токтоп калат да.

- Сиздер кайра Бишкекке келе берсеңиздер, жаңы үй бош калабы?

- Жок, балам менен келиним калат. Алар ошол жакта оокат кылып турабыз дешти. Мага ал жакта иш жок да, айласыздан көр тирилик деп Бишкекке барам деп жатам.

- Өзүңүздөрдүн очогуңуздар болуп калды. Буюрса, мындан ары ишиңиздер алдыга жылат деп үмүт кылабыз!

- Рахмат силерге да!



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
04.01.2020. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
23-12-2010
Соӊку аракети:
28-02-2020 12:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+6
Азаматсына Айдаркен коому!! Аллах раазы болсун! ишинерге ийгилик!!
04.01.2020. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
322
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
28-02-2020 22:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
АЛЛАХ раазы болсун силерге,силердин бул кылган жакшылыгынарды АЛЛАХ эки эселеп кайтарат АЛЛАХ баарын коруп билип турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138115;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: