"Мэр балаты майрамында". Футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кароо боюнча жыйын баштала элек



Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кечээ, 26-декабрда футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кароо маселесин бүгүн, 27-декабрга калтырышкан болчу. Бул маселе 25-декабрда каралып башталган, бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Анын себебин шаардык кеңештин депутаттары чечим мэрияда калганын, бөлүнгөн жер тилкесинин юридикалык жагын карап жатканын билдиришкен.
Жыйын бүгүн саат 09:00гө белгиленген, бирок учурда саат 11:00 болсо да баштала элек.
Шаардык кеңештин депутаты Нургазы Каримов жыйындын кечигип жатканы тууралуу комментарий берди. Айтымында, алар мэрди күтүп жатышат.
"Мэрдин балаты майрамы бүгүн боло турганы мурун эле белгиленген. Ошол себептен ал балаты майрамында жүрөт. Негизи депутаттар талап койгон, мэр 9дан 10го чейин майрамда болуп, келиши керек деген. Тилекке каршы, ал кечигип жатат", - деди Нургазы Каримов.









1 |