super.kg logo

Молдовановкадагы абакта асынып алды делинген 23 жаштагы соттолгон жарандын окуясы. Жактоочу окуянын жаңы жагдайларын айтты

 

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан 23 жаштагы жаран асынып алганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкен. Ошондой эле алар бул окуяны суицид деп бааланып жатканын айтышкан. Ал эми бул ишке жактоочу болуп жаткан Алия Турумбекова каза болгон 23 жаштагы жаран өзүн-өзү өлтүргөн эмес деп эсептей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү Молдовановка айылындагы №1 абакта жазасын өтөп жаткан 23 жаштагы У.у.Э.нин жансыз денеси табылган. Ал окуядан бери бир ай өттү. Бирок дагы деле тийиштүү органдар эч кандай реакция кылышкан жок. Болгону бул иш "өзүн өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумдун жакындары анын асынып алганына ишенишпейт. Себеби маркумдун денеси атайылап күйгүзүлгөндөй. Ага экспертиза дайындалганда ал бир канча күндөн бери тамак жебегени аныкталган. Ошондой эле маркумду өлтүрүп, андан кийин өрттөшкөн. Себеби денесине жабышып калган материалды караганда ацетондун жыты чыккан. Маркумду шейшептин кесиндисине асынып алды деп айтышкан. Бирок анын моюнундагы чүпүрөк күйгөн эмес. Бирок дене таанылгыс болуп күйгөн", - деп билдирет жактоочу.

Алия Турумбекованын айтымында, маркумдун денесине медициналык экспертиза кылганда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тергөөчү же прокуратура кызматынан эч ким катышкан эмес.

Каза болгон жаран ушул жылдын июнь айында 5 жарым жылга соттолгон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137545;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: